Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Көп берилүүчү  суроолор

Көп берилүүчү суроолор

Мурда мен стипендия алчумун, бирок GPA төмөндүгүнүнөн менин стипендиям алып салынган. Мен аны кайтара аламынбы?
Ооба, сиз GPAди жок дегенде 2.7. жеткирсеңиз, муктаждыкка негизделген стипендия берүү арызын кайра берсеңиз болот.  Бул учурда сиз арызды жалпы тартиптин негизинде кийинки окуу жылына бере аласыз. 

Түркмөн студенттери үчүн кандай стипендиялык мүмкүнчүлүктөр бар?
Түркмөн студенттери үчүн гранттар төмөнкү булактардан берилет:
а) АКШ – Борбордук Азиялык билим берүү фонду (CAEF) биринчи курстун студенттери үчүн 8 семестрге чейинки мөөнөткө

б) БААУ өзгөчө жагдайдарда жарым-жартылай стипендия берет.
 
Учурда стипендия алып жаткан студенттер анын көлөмүн көбөйтө алышабы?
Эгер алардын каржылык абалы мурункуга караганда 20%га же андан көп төмөндгөн болсо, жана студент муну документтер менен тастыктай алса, каржылык жардамдын көлөмү кайра каралат.


Мен стипендиямды кантип сактап кала алам?
Мурдагыдай стипендия алуу үчүн, сиз төмөнкү талаптарга жооп беришшиңиз керек: 

• Муктаждыкка жараша стипендия алып жаткан студенттер үчүн GPAдин орточо упайы 2,7ден, жетишкендиктеринин негизинде стипендия алып жаткандар үчүн  - 32.2ден кем болбошу керек. мости на основе стипендий и
• Университетке карыз болбоо.
• Күндүзгү окуу программаларынын студенти болушу керек.
• Стипендия алууга тиешелүү документтерди жыл сайын тапшырып туруу. Эгер студенттин каржылык абалы олуттуу өзгөргөн болсо (жок дегенде 20%га), муну Каржылык колдоо комитетине билдирүү керек, жана студент кайрадан арыз берип, тийиштүү документтерди тапшырат.
• Сабактан тышкаркы иштердеги өз аракеттерин көрсөтүү


Каржылык жардамга берилген арыздарды кароо канча убакытты алат?
Абитуриенттерден түшкөн каржылык жардам боюнча арыздар кирүү сынактарынын жыйнтыгы чыккандан кийин каралат. Анын каржылык абалына карата баанын негизинде Стипендиялар жэана каржылык жардам көрсөтүү комитети стипендияныын алдын ала көлөмүн эсептеп чыгат. Алардын акыркы бериле турган саны август-сентябрда, кабыл алуу иш-чаралары аяктап, стипендия боюнча бюджет калыптангандан кийин белгилүү болот.
Учурда окуп жаткан студенттердин арыздары күзгү жана жазгы семестрдин GPAди эсепке алуу менен каралат. Анын натыйжасы да август-сентябрь айларында, орточо упайлар белгилүү болуп, жайкы кабыл алуу иштери аяктап жана стипендия боюнча бюджет иштери аяктагандан кийин чыгарылат.
 
Каржылык колдоого тийиштүү документтерди чогултуу кыйын. (Мисалы, МАИден, Мамлекеттик каттоо агенттигинендокументтер) жана биз зарыл документтерди өз убагында бере албайбыз. Мындай учурда эмне кылуу керек?
Мындай учурда чогултууга үлгүнрөг бардык документтерди, дилбаянды алып келип тапшыра берсеңиз болот. Калган документтерди белгиленген мөөнөттөн кийин 5 иш күнүнүн аралыгында алып келсеңиз болот.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028