Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Виза талаптары

VISAS

Чет элдик жаран Кыргыз Республикасына жарактуу кыргыз визасы бар паспорт менен кире алат (Кыргызстандын кээ бир өлкөлөр менен визасыз тартип жөнүндө келишими бар). Кыргызстанга кириш үчүн сизге жарандыгыңызга жараша төмөндөгүнүн бири керек:

 

  • §  Сизге визанын кереги жок – Визасыз тартип жөнүндө келишими бар өлкөлөр
  • §   Сизге виза керек бирок, визаны колдоочу каттардын кереги жок – виза тартибиндеги өлкөлөр
  • Сизге виза керек жана визаны колдоочу кат талап кылынат – визаны колдоочу каттар
    • §   
    • Визасыз тартип жөнүндө келишими бар өлкөлөр

 

Төмөнкү өлкөлөрдүн биринин паспорту бар жарандардан Кыргыз Республикасына кирүү үчүн виза талап кылынбайт (бардык учурда чектөөлөр өлкөнүн атынан кийин кашаанын ичинде берилеген).

Эскертүү: Визасы жок тартиптеги өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз Республикасына кирүүгө виза керек болбосо да, алар Ички иштер министрлигинде каттоодон өтүшү керек (жогоруда каттоону караңыз).

  • Армения
  • Азербайжан
  • Белорус
  • Куба
  • Грузия
  • Казакстан
  • Малайзия (бир айга чейин)
  • Молдова
  • Монголия (үч айга чейин)
  • Түндүк Корея
  • Россия Федерациясы
  • Тажикстан
  • Турция (бир айга чейин)
  • Вңетнам
  • Украина (үч айга чейин)

 

  • Виза тартибиндеги өлкөлөр (визаны колдоочу каттын кереги жок)
    • Төмөнкү өлкөлөрдүн жарандары бир айга чейинки визаны колодоочу катысыз арыз беришсе болот. Виза алууга сиз Кыргыз элчилигине же консулдугуна, же Бишкектеги Манас эл аралык аэропортуна келгенде кайрылсаңыз болот. Визаңызды узартуу үчүн келгенде Студенттердин визасы жана каттоосу боюнча координаторго кайрылыңыз (Студенттердин визасын узартууну караңыз).
    • Эскертүү: чет элдик студент БААУга кабыл алынгандан кийин, «кадимки» визага арыз бериши керек. Туристтик, жеке же диний түрүндөгү визаларга арыз бербеңиз, анткени андай визалар узартылбайт жана студенттик визага алмаштырылбайт. Төмөндө Бишкектин Манас эл аралык аэропортундагы консулдук бөлүмдөн визаны колдоочу катысыз бир айга чейин «кадимки»виза ала ала турган өлкөлөрдүн тизмеси:

 

  • Австралия
  • Австрия
  • Бельгия
  • Болгария
  • Босния жана Герцеговина
  • Канада
  • Хорватия
  • Кипр
  • Чехия Республикасы
  • Дания
  • Эстония
  • Финландия
  • Франция
  • Германия
  • Греция
  • Венгрия
  • Исландия
  • Ирландия
  • Израиль
  • Италия
  • Латвия
  • Лихтенштейн
  • Литва
  • Люксембург
  • Македония
  • Мальта
  • Монако
  • Черногория
  • Нидерланд өлкөлөрү
  • Жаңы Зеландия
  • Норвегия
  • Польша
  • Португалия
  • Румыния
  • Сербия
  • Сингапур
  • Словакия
  • Словения
  • Түштүк Корея
  • Испания
  • Швеция
  • Швецария
  • Бириккен Падышачылык жана Түндүк Ирландия
  • Америка Кошмо Штаттары
  • Турция

 

  • Визаны колдоочу каттар

Жогорудагы тизмеге кирбеген бардык өлкөлөрдүн жарандарына кыргыз визасын алуу үчүн визаны колдоочу кат керек. БААУ сизди визаны колдоочу кат менен камсыз кыла алат. Бизге бул каты даярдоо үчүн сиздин жарандыгыңызга жараша экиден алты жумага чейин убакыт талап кылынат.

 

  • Эскертүү: БААУ окуу же иштөө үчүн «кадимки» визага арыз берүүнү унутпаңыз. Туристик, жеке же диндик түрдөгү визага арыз бербеңиз, анткени бул визалар узартылбайт.

 

  • Афганистан, Пакистан, Кытай жана Иран өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визаны колдоочу катты даярдоого алты жума убакыт кетет.

Визаны колдоочу катты алуу

БААУ сиздин талабыңыз боюнча визаны колдоочу катты даярдайт. Төмөндөгү маалыматты international@mail.auca.kg дарегине жибериңиз:

  • Паспорт боюнча маалымат (аты-жөнү, туулган жылы, паспорттун номери, паспорт берилген күн - факс аркылуу, сканнерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн; же электрондук дарек аркылуу)
  • Байланыш маалыматтары (электрондук дарек жана телефон номери).
  • Виза кайсы убакыттан тартып талап кылынат, күнү, айы, жылы
  • Сиз арыз бере турган Кыргыз элчилиги же консулдугу.

Визаны колдоочу каттын акысы :

Визаны колдоочу каттын акысы студенттин окуу акысына кошулат жана аны Тышкы Иштер Министрлиги аныктайт (ТИМ):

 

  • Азия өлкөлөрүнүн, Канаданын жана АКШнын жарандары үчүн: 20 АКШ доллары.
  • Европа өлкөлөрүнүн жарандары үчүн: $16 АКШ доллары.
  • КМШнын жарандары үчүн: $10 АКШ долларына жакын.
  • Манас эл аралык аэропортуна жиберилген визаны колдоочу кат үчүн: $7 АКШ доллары.


Сиз керектүү маалымат менен төлөмдөрдү Студенттердин визасы жана каттоосу боюнча координаторго жибергенден кийин сиздин визаны колдоо боюнча бир нече кат аласыз. Эсиңизде болсун, Тышкы иштер министрствосуна визаны колдоочу каттар үчүн документтерди карап чыгууга 1-3 жума кетет. Бул убакытты визага арыз бергенде эсепке алыңыз. Ошондой эле сиз визага арыз берген Кыргыз элчилигине же консулдугуна кошумча виза даярдоо акысын төлөй турганыңызды эскертебиз.

 

СТУДЕНТТЕРДИН ВИЗАСЫН УЗАРТУУ
Визаны узартуу үчүн убакыт талап кылнгандыктан, өзүңүздүн учурдагы визаңыздын бүтө турган мөөнөтүнөн 30 күн мурда арыз бергидей болуңуз. Бул үчүн паспортуңузду Студенттердин визасы жана каттоосу боюнча координаторго тапшырыңыз. Визаны узартуу үчүн толук мөөнөткө окуп жаткан студенттер бир жолу кирүү шарты менен бериле турган «кадимки» виза алышат; бир жылга окуу келген, даярдоо бөлүмүнүндө окуган, о.э. торлук эмес мөөнөткө же сырттан алмашуу программалары менен келип окуган студенттер үчүн виза алты айга узартылат. Бир жолу кирүү шарты менен берилген виза Кыргызстандан чыгып жана кайра кирүүгө бир жолу гана мүмкүнчүлүк берет.

Визанын жана каттоо акылары Эсептик-сактык касса (ЭСК - РСК) банкынын бөлүмдөрүндө төлөнөт.

Визаларды узартуу акысы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан сом менен бекитилет жана өзгөрүп турушу мүмкүн:

 

  • үч айга чейинки виза - 1025 сом (АКШнын $23 жакын)
  • Алты айга чейинки виза -1525 сом (АКШнын $33 жакын)
  • Бир жылга чейинки виза -2525 сом (АКШнын $55 жакын)
  • Каттоо акысы-100 сом (АКШнын $2,5 жакын)


Эскертүү:

Туристтик визалар узартылбайт.
БААУ бүтүрүүчүлөрдүн жана университеттен чыгып калган студенттердин визаларын узартпайт. БААУ толук эмес мөөнөт менен окуган же алмашуу программалары менен келген студенттерге визаны алар бир семестрде 6 же андан көп кредит алганда узартат. Виза жана каттоо эрежелерин бузгандар айыпка тартылат. Жарактуу эмес (мөөнөтүнөн өтүп кеткен) виза үчүн же кеч каттоодон өтүү үчүн 500дон 1000 сомго чейин (АКШнын $11 - $22 жакын). Талапка ылайык каттоодон өтүңүз жана визаны узартууга эртерээк арыз бериңиз кыйынчылык болбош үчүн жана айып төлөбөш үчүн.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028