Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - SPOTLIGHTS

Spotlights

Эрлан Молдошев

"Ийгилигим учун Ыраазымын"

Эрлан Молдошев – Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин “Эл аралык жана ишкерлик укугу” факультетинин 2014-жылкы бүтүрүүчүсү. Эрлан окуп жаткан кезде, укук тармагында бардык муктаж болгон кишилерге жардам көрсөткөн БААУ Укуктук Клиникасында тажрыйба алган. Бул клиникада студенттер чыныгы жарандык жана кылмыш иштери боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Университетти бүтүргөн соң Эрлан эки абройлуу эл аралык жогорку окуу жайына магистратурага кабыл алынган.

“Чындыгында, мен Борбордук Азиядагы Америкалык университетке тапшырып жатканымда магистратурага тапшырарымды билгем, анткени менин адистигим боюнча берилген Болонья системасындагы диплом жетишерлик деп таанылбайт.

Менин оюмча, магистратура бакалавриатка караганда теориялык жана практикалык билимди тереңирээк берет жана жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтөт. Азыркы учурда Москва шаарында “Экономика жогорку мектеби” Улуттук изилдөө университетинде магистратурада окуйм.

Дүйнөдөгү көптөгөн университеттердин арасынан бирөөнү тандоо абдан оор келди. Керектүү багыттагы тийиштүү университетти издөө жана тандоого абдан көп убакыт керектелгендиктен бул иш зарыктырат. Мындан тышкары дипломдук ишти жазуу, сабактарга катышуу, убагында тапшырыла турган үй тапшырмалар да үстүмө жүк болуп жыйылып турган.

Өз кесибим боюнча окууну улантуу мен үчүн эң биринчи критерий болуп коюлган. Жеке өзүмдүн оюм боюнча, киши бардык тармактарда чеберчиликке жете албайт.

Магистр даражасын чет өлкөдө гана алуу экинчи критерий болуп коюлган. Батышта берилген билим дүйнөдөгү бардык студенттер үчүн эң жагымдуу болгону эч кимге сыр эмес.

Үчүнчүдөн, чет өлкөлөрдө жогорку окуу жайларында окуп жаткан же бүтүргөн досторумдун кеңештерин уктум. Ар кайсы университеттер боюнча сунуштар түштү. “Тандырдан жаңы бышып” түшкөн маалыматтарды пайдаландым.

Экономика жогорку мектебине аны бир жыл окуп бүтүргөн бир досумдун кеңеши менен тапшырдым. Бул окуу жай КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи үчөөнүн арасына киргенин көп уккам, ал жакка тапшырганыма эч өкүнбөйм. Бул окуу жайы жөнүндө интернетте көп маалыматты жана элдин ой-пикирин окуп арызымды бердим. Бишкектин №5-мектебинде 16-мартта өтө турган, магистрлерди тандоо үчүн олимпиадага катышууну каалаганым тууралуу катты февраль айында жаздым.

Экономика жогорку мектебинин интернет баракчасында каттоодон өтүп, белгиленген күнү сынакка келдим. Сынакта студенттердин юриспруденциядагы билими текшерилген. Сынак татаал өткөн жана 3 бөлүмдөн турган: 1) 60 суроолуу тест; 2) 18 барактан турган англис тилиндеги текстти юридикалык талдоо; 3) 2 маселени чыгаруу. Апрель айынын аягында мен олимпиаданын “байгелүүсү” болгонумду билдирген кат келди (жеңүүчүлөр да болгон). “Байгелүүлөр” деп, университетке өтүү үчүн керектүү упайды ала албаган, бирок кабыл алынгандар аталган. Окуу төлөмүнө 100% арзандатууну алыш үчүн маектешүүгө катышуу керек болгон. Мындан тышкары качан болсо да, алынган бардык академиялык сыйлыктар боюнча документтерди да көрсөтүү талап кылынган. Ошентип, акысыз окуу (келишим боюнча окуу акысы бир жылга 8000$ барабар) жана Москванын бир жатаканасында дээрлик акысыз жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.

Бирок Москва менин кыялымда жалгыз болбогондуктан, башка европалык университеттерге тапшырып көрөйүн дедим. Европада жогорку окуу жайлары чындыгында көптөгөн магистрдик программаларды сунуштагандыктан, алардын арасынан бирөөнү тандоо уламдан-улам татаал болгон.

Акыры көзүм Швейцариянын Фрибург Университетине түштү. Бардыгынан мурун мында мен окуган багыт – Эл аралык жана ишкерлик укугу боюнча магистратура сунушталганы мени кызыктырды.

Документтерди берүү процедурасы 3 жумага созулду, себеби IBT жыйынтыктарынан башка алар укук тармагында иштеген кеминде 3 кишинин сунуштама катын, жана эмне үчүн мен алардын университетинде окугум келгени тууралуу 2000 сөздөн турган мотивациялык катты талап кылышкан.

Комиссия менин арызымды 2 жуманын ичинде кабыл көрүп, Швейцариянын визасын алуу үчүн документтерди тапшыруу иши башталган. Бул иш жеңилдерден эмес. Мынча документти эч качан чогулткан эмесмин. Үй-бүлөнүн кирешеси тууралуу маалымкат, банкта чоң эсебиң болгону тууралуу маалымкат, университеттен берилген транскрипт, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, окууну бүтүргөндөн кийин мекенге кайтуу боюнча декларация, “эмне үчүн силер мага виза беришиңер керек?” жана “эмне үчүн дал Швейцариянын өзүндө магистр даражасын алышым мен үчүн маанилүү?” темаларына дилбаян талап кылынган. Арызымды карап чыгуу үчүн жергиликтүү салык төлөмүн, Швейцариянын аймактык административдик салык төлөмүн төгүү, мындан тышкары мунун бардыгын француз тилине которуп, 2 нускасын даярдоо.

Документтерди иликтөө процесси 2 айдан ашуун убакытты алды. 1-семестрге катталуу үчүн Москвага жөнөдүм. Ошентип, 10-сентябрда Швейцариянын миграциялык кеңсеси арызымды макул таап, мага визаны жөнөттү.

БААУ күткөнүмөн көптү берди. Бул жерде мен убактымды туура пайдаланууну үйрөндүм. Баарынан мурда мага студенттердин өздөрү дем берчү. Бардыгы дайыма даяр болгон топто окуганың чоң түрткү болот. Батыштын билими ата-мекендик билимге караганда айырмаланат. Муну тааныш керек. БААУ берген билим Кыргызстанда жана КМШ аймагында мүмкүн болушунча мыкты деп айтса болот. Профессордук-окутуучулук курам жана алар берген теориялык билимдер мени толук канааттандырды.

Швейцарияда магистрдик даражаны алып, окуумду Экономика жогорку мектебинде улантууга аракет кылам, мындайча эки жыл ичинде эки магистрдик даражаны алганга аракет кылам (Экономика жогорку мектебинде магистратура 2 жылга созулат, бирок кээ бир шарттарды сактоо учурунда мени дароо 2-окуу жылына кабыл аларына убада беришти).

Жеке менчик тармакта гана иштөөнү көздөп жатам. Чет өлкөлөрдө кесибиме ылайык, резюмемди жибере турган бир нече жеке менчик ишкана бар. Убакыт бардыгын көрсөтөт.

Студенттер чыдамдуулукка үйрөнүшү зарыл. Магистратурага тапшырууда бул негизги фактор. Ошондой эле муну абдан каалаш жана умтулушу керек. Сизге берилген убакытты туура пайдаланыңыз. Өзүңүздү калыптандыруу үчүн сизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар”.

<< вернуться к списку

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028