Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - SPOTLIGHTS

Spotlights

Мирза Амири

Экономика ‘07

үй бүлөсү менен Талибандан качып Пакистанга барган, ал жерде ачкачылык менен Пакистандан полициясына жеткирбей, жок дегенде бир кадам алдыда жүрүүгө аракет кылган, карда сүйрөлүп өзүнүн Бостондун жанындагы мыкты Брандейс университетинде магистратурада курстарына чейинки Мирза Амиринин басып өткөн турмуш саякаты – бул башкага дем болгудай өжөрлүк жомогу, үмүтүн үзүү жана кайра үмүттөнүү, жана ойлогон максатына жетүү. Мирза өзүнүн көрүнүктүү баскан жолу, согушка баткан мекени, БААУдагы анын жашоосун өзгөрткөн тажрыйбасы жана өзүнүн келечек пландары тууралуу айтып берүү үчүн Брандес университетинин Эл аралык бизнес институтунун магастратурасында толук стипендиянт катары турмушунан бизге убакыт бөлүп маек курду.


 


 Б. Гординиер: БААУга чейинки өз жашооң тууралуу айтып берчи?


 


 Мирза Амири: Талибан Кабулду басып алгандан кийин жашоо бизге өтө кыйын болуп калды. Мен жаш кезимде, Талибан келе электе эле, дайым чет мамлекетте окууну каалоочумун. Талибан бийликке келгенден кийин, алар университетти жаап салышты жана мен өз максатыма жетем деген үмүтүмдү үздүм. Биз Пакистанга качып келгенде ишибиз андан да жаман болду. Бизди контрабандалык жол менен алып келген Пакистандыктар болгон оокатыбызды уурдап кетишти жана ал жерге келгенде басынтып-кемсинтүүлөргө туш болдук. Биздин жашообуздун эң жаман күндөрү Пакистанда өттү. Биз акчабызды, үйүбүздү, жада калса киймибизди, баарын жоготтук. Биз биздин досторубуз жана үй-бүлөлөрүбүздүн өлүү-тирүүсүн билген жокпуз. Полиция өтө душмандык мамиле жасады жана афгандык качкындарды ар дайым тоноп, кээде алар чөнтөгүңө баңги заттарды салып коюп түрмөдөн чыгарыш үчүн 100,000 рупий талап кылышчу. Мен жумуш табайын деп аракет кылганда, көпчүлүгү пакистандыктардын айлык акысынан  50% же андан да аз төлөшчү. Мен чындыгында эле максатыма жетем деген үмүтүмдү үзүп койгом, бир гана өлбөш үчүн кантип жумуш табыш керек экенин ойлочумун.


Акырында Талибанды 2001-жылы Кабулдан кууп чыканда, менин үй-бүлөм мага ал жакка жалгыз барып, Канаданын Фокус Гуманитардык Жардамында иштөөгө уруксат беришти. Анын негизги жумушу Афгандык качкындарды Афганистандагы өз үйлөрүнө кайра алып келүү болчу. Мени директордун жардамчысы катары жумушка алышты жана көпчүлүк чечимдер менин таасирим менен кабыл алынчу, анткени директор өлкө жөнүндө өтө аз билчү.


Көп өтпөй мен кызматка жогорулатышты, операцияны жетектөөгө жана провинциалык офисте мекенге кайтаруу аракеттерин жетектедим. Бул тажрыйбадан эң маанилүүсү - менде кайра үмүт жана ишеним пайда болду. Мен жетекчилик жөндөмүм бар экенин жана менин өлкөмө чоң салым кошо аларымды түшүндүм.


 


Б.Г.: Сени андан ары мыкты Америка университеттеринин биринде магистратурада окууга жардам берген БААУдан үйрөнгөн негизги көндүмдөрүңүз жана идеялар кайсылар? Сени БААУ магистратурада окууга кантип даярдады?


 


MA: БААУ мен үчүн өзүмдүн максатымдын чокусуна көтөрүлүүгө жардам бере турган тепкичтин ролун ойноду. БААУ мени магистратурага академиялык жактан даярдады. Ошондуктан мен бул жерге келгенде эки жумадан кийин эле өзүмдү жакшы сезип калдым. БААУ мени тил билими жагынан жакшыртты. Азыр бул мектепте менин англис тилим гана абдан жакшы эмес, мен орус тилинде дагы КМШдан келген эл аралык студенттер менен сүйлөшө алам. БААУ менин презентация жасоо жөндөмүмдү жакшыртты жана бул менин эң күчтүү жагым. Профессор Валерий Хардин менин факультетимде иштебесе да, мен үчүн жеке кураторум катарында кызмат кылды. Ал менин англис тили мугалимим эле, бирок ал менин жашоомо бардык жагынан кеңеш берди. Ал азырда менин мугалимим, кеңешчим жана эң жакшы досум. Экономика факультетинин профессору Людмила Констанц мага экономика изилдөө боюнча сабак берди, ал сабак мени изилдөөчү кылды. Анын сабагынан мен кантип окуш керек жана өзүм учун кантип талыкпай эмгектениш керек экендигин үйрөндүм. Мен бардык профессорлорума абдан ыраазымын.


 


БГ.Сен Бордук Азиядагы жаш улан-кыздарга БААУда окуу тууралуу эмне деп айтмаксың? БААУнун магистратурада окуйм деген студенттерине эмне кеңеш бермексиң?


МА: Борбордук Азиянын же Афганистандын элдерине бир гана кеңеш бермекмин: эгерде БААУну көздөй жол тарсаң,ыз сиздин багыңыз ачык. БААУ региондогу мыкты университет болгону үчүн гана эмес, ал чыгыш менен батыштын ортосундагы билим берүү көпүрөсү. БААУдан алган билим жана даража менен адам иш базарында оңой эле атаандаша алат ,ошондой эле батышта магистратурда окуй алат. БААУнун магистратурада окуйм деген студентерине айтарым, ал жердеги шарттар мене мүмүнчүлүктөрдү толук пайдалангыла. Сөзсүз түрдө талап кылынган курстарды англис тилинде алгыла, жазуу көндүмүңөрдү курчуткула, студенттик гезитке салымыңарды кошуу менен же дилбаян жазуу курсун кайра аудит катарында алуу менен, GPAди эң жакшы алып жүрүүгө араттенгиле. Ошондой эле, MBA , экономика же финансы программасына кирем дегендер үчүн GMAT же GRE тестеринен упай алыш үчүн жогорку математика боюнча жөндөмүңөрдү жакшыртуу үчүн катуу иштегиле.


 


Б.Г.: өткөн жылы Афганистанда иштеген тажрыбаңыз тууралуу айтып бериңиз. Кайда иштедиңиз жана уюмдун табыйгаты эмнеде? Афганистандагы коопсуздук абалынын кыйындыгынан тышкары, кандай позитивдүү өнүгүүлөр тууралуу жана өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн жана тынчтык жол менен өнүгүү жолуна түшүү үчүн эмне кылыш керек,сиздин оюнузча?


 


М.А.: Мен Афганистандагы Инвестицияны колдоо агенттигинде (АИКА) инвестиция боюнча аналитик, анализ секциясынын башчысы жана Изилдөө жана Саясат бөлүмүнүн директорунун орун басары болуп иштедим. Жети айга жакын убакытта үч кызматта иштедим. АИКА өлкөдөгү жалгыз азыркы убактагы мамлекетке тиешеси бар уюм, ал жергиликтүү же чет мамлекеттик инвестторлорду өлкөдөгү жеке менчик секторду жакшыртуу үчүн жана чет мамлекеттен түздөн түз инвестицияны тартуу үчүн колдойт. АИКАда иштеп жүргөндө мен китептен окуган теорияны чыныгы турмушта кантип ишке ашырууну үйрөндүм, Афганистандын экономикасы тууралуу билдим. Мен коопсуздук, инфраструктура, билим деңгээлинин төмөндүгү жана коррупция Афганистандын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги тоскоолдуктары экендигин тушундум. Чоң структууралык өнүгүүлөргө, экономикалык реформаларга жана өсүүлөргө карабастан, өлкө толугу менен кризистен чыга элек. Азыркы учурда кризиске карата болгон кыска мөөнөттөгү чечимдер өтө карама-каршы, анткени чет млекеттиктер абалды курчутуу үчүн иштеп жатышат, бул аларга бир жагынан болбосо экинчи жагынан пайдалуу. Кризиске карата узак мөөнөттүү чечим - бул билим берүү. Бир күнү билимдүү муун өлкөну кризистен чыгарып кетет.


 


Б.Г.: Бостондогу жаңы үйүңүзгө кантип жайгаштыңыз? АКШ жөнүндө биринчи пикириңиз кандай?


MA: Мен жайгашуум кңпөубакытты талап кылган жок. Мен бул жерде үйүмдөгүдөй сезип калдым жана баардыгы жайында. Мен АКШ тууралуу биринчи көз карашым мурда эле Исламабаддагы АКШынын элчилигине келгенде пайда болгон.  Визага арыз бергендердин катарында тургандардын бардыгы АКШга виза алуунун кыйынчылыктарын айтып, даттанып жатышыптыр. Бул туура экен. Мен виза алуум жана коопсуздукка текшерилишим абдан көп убакытты талап кылды, мен сабактын биринчи  эки жумасын калтырдым. Мен дагы эле маданият, традиция, тамак, кечелер, мүнөздөрү жана көчөдө жолуккан адамдардын жылмайып өткөндөрүнүн себептерин түшүнүүгө аракет кылып келем.


 


Б.Г.: Эмне учун Брандес? 5-10 жылдан кийин өзүңүздү кайда болом деп ойлойсуз?


MA: Мен Мен Брандейс университетинин эл аралык бизнес мектебин анын программасы үчүн жана мага берилген стипендия үчүн тандап алдым. Мен азыр эл аралык экономиканы ана финансыны окуп жатам. Бул менин экономикадагы жакшы көргөн тармагым. Азыр менин планым магистр даражасын алуу жана кийинчерээк Ph.D.ни каалаймбы, көрөм. Бул даража менен АКШга келээрден мурда иштеген Афганистандагы инвестицияны колдоо агентсттигинде жогорку деңгээлдеги кызматка ээ болорума же министрликтерде (Соода жана индустрия министрствосу, Финансы министерствосу,Улуттук экономика министерствосу, фганистандын борбордук банкында) иштериме ишенем. Жогоруда белгиленген иснституттардын биринде иштөө менен мен согуштан кыйраган өлкөмө ңз салымымды кошо алам.


 


Б.Г.: Сиз АКШга кетишиңиз тууралуу үй-бүлөңүз кандай ойлойт? Сизге туугнадарыңыздан кимдир бири ушундай академиялык ийгиликтерге жетишүүгө түрткү болдубу?


МА: Менин атам дайыма менин негизги колодоочум эле. Менин үй-бүл мүчөлөрүм Афганистанда мен жок экономикалык кыйынчылыктардан жапа чегип келишет, бирок алар муну кабыл алышты жана мени чет өлкөгө окууга жиберишти. Биздин үй-бүлөдө мен биринчи жогорку билим алганыма карабастан (анкени биздин мурунку муун Афганистандагы мыкаачылык  саясий системага жана улуттар аралык кагышууларга байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес), мен дайыма атамдын жолун жолдоп келем.


 


Б.Г.: Азыр алыста жашап атканда БААУ тууралуу кандай жакшы эскерүүлөр оюңузга келет?


МА: БААУ сыяктуу кичинекей үйдөн Брандайс сыяктуу чоң үйгө көчүү абдан кыйын. БААУда мен дээрлик бардык адамдарды билчүмүн, анан күнүнө 200 чакты жолу салам айтчумун, бул жерде болсо антүүгө мүмкүн эмес. Азыр кайда барсам да, кампуста БААУну эстейм анткени менин оюмда кандайдыр бир салыштыруу бар. Мен БААУнун кичиней кампусун сагынам. БААУнун китеп канасынан бекер китеп алганды сагынам. Ал тургай ызы чуу болгон китепканадагы окуу бөлмөсүн сагынам.

<< вернуться к списку

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028