Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Европа таануу программасы жөнүндө

Европа таануу программасы жөнүндө

 

Европа таануу - европалык саясат, коом, тарых жана маданият тармактарында адистерди даярдоо программасы. Курстун программасы студенттерди Борбордук Азияда андан ары жайылтуу үчүн европалык нормалар жана баалуулуктар менен тааныштырууга багытталган.  

Европа таануу немис, испан жана француз сыяктуу европалык тилдерди жана ошондой эле аталган тилдерде төмөнкү сабактарды окутууга адистешкен: “Европалык аймактын тарыхы”, “Маданияттар аралык коммуникация”, “Аймактык европалык адабият”, “Европалык жана азиялык баалуулуктардын салыштырма анализи”, “Экотуризм” жана “Туроператорлор үчүн экинчи тил”. Тилдик курстар Европа Биримдигинин EUROPASS талаптарына ылайык иштелип чыккан.

Окутуу программасына атайын ыкмаларды өнүктүрүүгө багытталган сабактар кошулган. Алардын ичинен маанилүүлөрүн атай кетели: сын көз карашта ой жүгүртүү, маалыматтардын анализи жана синтези, маалыматтарды сапаттуу анализдөө ыкмаларын колдонуу, адамдардын социалдык тобунда чечимдерди кабыл алуу жана лидер болууга даяр болуу. Практикалык ишмердүүлүккө даярдоо окутуу процессинин учурунда ишке ашырылат. Бул процесстин теоретикалык эмес болуусун камсыздайт. Европа таануунун бардык курстары европалык эрежелер жана окутуу программаларына ылайык түзүмдөшкөн.  

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028