Международная конференция «Образовательные стратегии и инновации в эпоху цифровизации»

Международная конференция «Образовательные стратегии и инновации в эпоху цифровизации»

3 октября 2022

 

Общественный Фонд «Таалим-Форум», реализующий проект «Дистанционное обучение для улучшения качества и доступа к образованию в Кыргызстане, Монголии и Таджикистане» в консорциуме с организациями «Анахита» (Таджикистан) и NNC (Монголия)  в рамках программы обмена знаниями и инновациями (GPE KIX) при поддержке Центра исследований международного развития (IDRC, Канада) приглашает к участию в Международной конференции на тему: «Образовательные стратегии и инновации в эпоху цифровизации». Конференция проводится в партнерстве с Министерством образования и науки Кыргызской Республики.

Конференция направлена на расширение профессионального диалога, обмена мнениями и опытом между исследователями, экспертами, учителями и управленцами в сфере образования.  Участникам конференции будет предоставлена уникальная площадка для мобилизации знаний и опыта в области использования и внедрения инновационных подходов, дистанционных образовательных технологий для решения насущных вопросов в национальных системах образования, для выявления новых возможностей и перспектив, а также определения стратегий и инструментов для обеспечения равного доступа и улучшения качества к образованию.

Конференция пройдет 5-6 октября 2022 г. в г. Бишкек (Кыргызстан). Формат проведения – гибридный (офлайн/онлайн); рабочие языки: кыргызский, русский и английский.

Программа конференции включает: пленарное заседание с выступлением ведущих экспертов в сфере образовательных стратегий, политик и инноваций; сессионные заседания по темам; встречи, практические сессии и культурную программу.

Сессионные заседания включают, но не ограничиваются следующими темами:

  1. Подходы и меры в школьном образовании в ответ на Пандемию COVID – 19.
  2. Применение ИКТ (информационно-коммуникационные технологии) в школьном образовании: успешные практики и инновации.
  3. Равный доступ к образованию: вызовы и стратегии.
  4. Оценивание в образовании: новые инструменты и подходы.
  5. Учитель – драйвер инноваций.
  6. Повышение квалификации учителей в контексте цифровизации образования.
  7. Исследования в области образования в период COVID - 19
  8. Цифровизация школы и повышение квалификации учителей: международный опыт

Электронная почта оргкомитета конференции: taalim.education@gmail.com

 

***

Таалим-Форум» коомдук фонду «Санариптешүү доорундагы билим берүүнүн стратегиялары менен инновациялары» деп аталган эл аралык конференцияга катышууга чакырат. «Таалим-Форум» коомдук фонду (Кыргызстан), «NNС» (Монголия), «Анахита» (Тажикстан) уюмдары менен биргелешип: «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуунун инновациялык ыкмалары» аттуу долбоорун GPE KIX тажрыйба алмашуу жана инновациялар программасы жана Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борборунун колдоосу (IDRC, Канада)  ишке ашырууда. Конференция Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө.

Аталган конференция билим берүү тармагындагы изилдөөчүлөрдүн, эксперттердин, мугалимдердин, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесипкөйлүк боюнча баарлашуусун кеңейтүүгө, пикир алмашууга жана тажрыйба бөлүшүүсүнө арналат. Конференциянын катышуучуларына берилген бул аянтчада: билимдерди топтоо, аны пайдаланган тармактарга инновациялык ыкмаларды, аралыктан билим берүү технологияларын киргизүү, улуттук билим берүү системасы туш болгон маселелерди чечүү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана келечекти көрө билүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана бардыгына жеткиликтүү билим менен камсыз кылуунун ачкычтары менен стратегияларын аныктоого багытталган.

Конференцияны Бишкек шаарында (Кыргызстан) 2022-жылдын 5-6-октябрында өткөрүү пландалууда. Өтүүчү форматы – гибриддүү (офлайн/онлайн); кыргыз, орус жана англис тилдеринде өткөрүлөт.

Конференциянын программасы: пленардык жыйналышта билим берүүнүн стратегиялары, саясаты жана инновациялар боюнча жетектөөчү эксперттердин сөзү; темалар боюнча сессиялык жыйындар; жолугушуулар, практикалык сессиялар жана маданий программалар.

Сессиялык жыйындарда төмөндөгү темалар каралат (бирок чектөө коюлбайт):

  1. COVID – 19 пандемия учурундагы мектепте жүргүзүлгөн иш чаралар жана билим берүү ыкмалары.
  2. Мектеп билим берүүсүндөгү: мыкты тажрыйбалар жана инновациялар, МКТны колдонуу (маалымат-коммуникация технологиялары).
  3. Билим берүүгө бирдей даражада жеткиликтүү болуу: стратегиялар жана аткарылган иштер.
  4. Билим берүүнү баалоо жолдору: жаңы ачкычтары жана ыкмалары.
  5. Мугалим – инновацияларга багыттоочу адам.
  6. Санариптешүү шартында мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу.
  7. COVID – 19 учурундагы билим берүү тармагын изилдөө.
  8. Мектептерди санарипке өткөрүү жана мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу: эл аралык тажрыйба.

Конференция жыйынтыкталган соң макалалардын жыйнагы чыгарылат.

Уюштуруу комитети

Эл. дарек: taalim.education@gmail.com

<< вернуться к списку новостей

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + Вн.
Факс: +996 (312) 915 028
Контакты АУЦА