ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ ТУУРАЛУУ
Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы Жаңы муун академиясы - бул мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларга даярдоочу бир жылдык даярдоо программасы. ЖМАнын башкы окуу курстары англис тили, математика жана кошумча орус тили болуп саналат. Программа орто билим берүү окуу жайларындагы жана мектептердеги билим берүүдөгү жетишпеген билимди толтуруу максатын көздөп, тереңдетилген окуу программасын сунуштайт. Баардык курстар сын-пикир жана аналитикалык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү, жалпы академиялык багытта жазуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана студенттердин лидерлик сапаттарын арттырууга багытталат. Кыргызстан гана эмес, Афганистан, Казахстан, Тажикистан жана башка бир канча өлкөдөн келген студенттер окугандыгына байланыштуу, өзүбүздүн гана эмес башка өлкөнүн жаш лидерлерин өстүрүүго салым кошуп келебиз. Улут аралык толеранттуулук (сабырдуулук), достук жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш-чараларды өткөрүп келебиз. ЖМАнын окуу жылы эки бөлүмдөн туруп, күзгү жана жазгы мезгилдерди камтыйт. 600 сааттан ашык убакытта студенттер окуу программасын алышат жана кошумча ийрим, тил курстары, тест жазуу көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча кошумча сабактарга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Семинар, тренинг, саякаттоо дагы программанын кошумча сабактарына кошулган.
ЖМАнын КЫЗМАТКЕРЛЕРИ студенттерди БААУнун коомчулугуна кошуу максатында баардык шарттарды тузүүгө даяр. Бир жылдык даярдоо программасынын негизинде студенттерге кесип тандоо боюнча багып берүү менен топтордо иштөө, жеке баалуулуктарын аныктоо, иш-аракеттерди пландоо боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүп турабыз. Эл аралык толеранттуулук, достук жана кызматташтыкты жакшыртуу максатында студенттер арасында карым-катышты жакшыртууну көздөйбүз.
ЖМАнын ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУ ЖАМААТЫ жогорку билими жана көп жылдык окутуу тажрыйбасы бар мугалимдерден куралган. Мугалимдер жамааты окутуу менен катар студенттердин жогорку окуу жайларга тапшырууда атаандаштыкка туруктуу боло билүүсүнө түрткү беришет. Дебат, презентация, жазуу жана ооз эки иш алып баруулар окуу курстарынын негизин түзүшөт. Билим алуу менен катар студенттерди келечектеги жогорку окуу жайларына даярдашат.
ЖМАнын БАШКЫ МАКСАТЫ болуп студенттерге мектеп программасынан жетишпеген билимдерди берүү жана жогорку окуу жайга ийгиликтүү өтүүгө даярдоо. Ошондой эле ЖМА башкы коюлган максатка жетүү үчүн кийинки баскычтарды басууну пландайт:
1. Студенттердин ЖМАга тапшыруусун уюштуруу жана тапшыруу учурунда багыт берүү.
2. Терең маалымат менен камсыз кылуу жана келечектеги кесип тандоо үчүн маалыматтарды таркатуу.
3. ЖМАнын студенттерин БААУнун талаптарына ылайык окууга тапшырууга даярдоо жана стипендиалык же финансылык жардамга тапшыруу маалында атаандаштыкка туруктуу болууга багыттоо.
4. Студенттер үчүн бирин-бири колдой турган, лидерлик сапаттарын өнүктүрө турган жана билимин жогорулатуу үчүн ылайыктуу чөйрөнү түзүү.