Борбор Азиядагы Америка университетинин
Жаңы муун академиясында акысыз билим алууга сынак (2022-2023)
ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫНЫН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫ 2022-2023
Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылдык интенсивдүү университетке даярдоочу окуу программасын сунуш кылат. Окуу программанын негизин англис тили, TOEFL pBT/iBT тестирлөөгө даярдоо жана математика сабагы түзүшөт. Окуудан тышкары академиянын студенттери БААУнун студенттик клубдары менен бирге (шахмат, дебат, театр), ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.
Сынакка баардык орто билим берүү окуу жайларынын (техникум, колледж ж.б.) жана орто мектептердин быйылкы бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Быйыл Кыргызстандын баардык аймактарынан сынактык негизде 25 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында билим алууга мүмкүнчүлүк алат. Сынактын финалисттери ЖМАда акысыз бир жылдык даярдоо курсунда окууга болот.
Стипендиялык программа студенттердин төмөнкү чыгымдарын каржылайт:
ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү окуу программанын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу официалдуу сертификатка ээ болушат.
I баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын форманы жана талап кылынган керектүү документтерди тапшыруу:
ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын бул жерден ЖҮКТӨӨ зарыл:
ЖМАнын стипендиялык программасынын формасы_Кыргыз тилинде
ЖМАнын стипендиялык программасынын формасы_Орус тилинде
Жарым финалисттер англис тилинен тест жазышат жана маектешүүгө катышуусу зарыл. Тест жана маектешүү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.
Маанилүү: Сынактын уюштуруучулар жарым финалга өткөн катышуучуларга гана телефон аркылуу финалга өткөнүн маалымдашат.
II баскыч: Англис тилден тестирлөө жана ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүү:
ТОЛТУРУЛГАН ФОРМАНЫ ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАЙДА ТАПШЫРУУ КЕРЕК?
Толтурулган документтердин топтомун 2022- жылдын 16-май күнүнө саат 17.00 чейин төмөнкү дарекке АЛЫП КЕЛИП ТАПШЫРУУ керек.
Электрондук документтер жана алардын көчүрмөлөрү КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ!!!
Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, БААУ, ЖМАнын кеңсеси, кабинет №420
БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ:
Электрондук баракча: www.nga.auca.kg
Электрондук дарек: nga@auca.kg
Уюлдук тел.: + 996 (220) 11-82-43
Иш телефону: +996 312 91 50 00 (кошумча: 485, 486)