Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ ЖӨНҮНДӨ

Eng Eng   Рус Рус   

MAIN > AUCA AT A GLANCE > БААУ ЖӨНҮНДӨ

AUCA FACTS:

FOUNDED: 1993

LOCATION:

BISHKEK, KYRGYZ REPUBLIC

EDUCATION STYLE:

LIBERAL ARTS

DEGREES OFFERED:

KYRGYZ BA/MA DIPLOMA

BARD COLLEGE BA DIPLOMA

STUDENTS: 1181

FACULTY: 124

ABOUT AUCA

Борбордук Азиядагы Америка университети гуманитардык илимдерди америкалык стилде өз ара карым-катнашта окутуучу Эл аралык окуу жайы болуп эсептелет. Университеттин программасы Даярбоо бөлүмүн, он бир адистик боюнча прогаммаларды жана бир магистратура программасын өзүнө камтыйт. өз академиялык программаларынын мыкты жетишкендиктери менен катар БААУ сөз эркиндигине, сын ой жүгүртүүгө жана академиялык чынчылдыкка умтулат. БААУ гуманитардык илимдер боюнча АКШда аккредитацияланган Бакалавр илимий даражаны АКШнын Бард колледжи менен шериктештикте ыйгаруучу Борбордук Азиядагы жалгыз университет болуп эсептелет. Бард колледжинен сырткары, БААУнун бүткүл дүйнө боюнча бир катар университеттер жана уюмдар менен өнөктөштүк карым-катнашы бар. Биздин афганистандагы Америка университети менен кызматташтыгыбыз өзгөчө мааниге ээ. Азыр биз аталган окуу жайынын мугалимдери менен биргеликте эки университеттин тең студенттери үчүн виртуалдык сабактарды сунуш кылабыз. Бул курстар ЮСАИДдин грантынын эсебинен каржыланат.


Жогорку билим чөйрөсүндө коррупция кенен орун алган аймакта БААУ студенттер менен мугалимдердин арасындагы өзүнүн чынчыл, ак ниет кадыр баркы менен сыймыктанат.


Университетте ири гранттарды пайдаланып башкаруу үчүн зарыл болгон бардык нерселерге ээ. Буга мурдатан иштетилген Ачык коом институту (Сорос фонду), ЮСАИД, Меллон фонду сыяктуу уюмдардын гранттары, о.э. учурдагы гранттар, анын ичинде ЮСАИД тарабынан 2010-жылдын күзүндө бөлүнгөн $ 2.7 млн. өлчөмүндөгү грант күбө болот. БААУ өзүнүн Социалдык изилдөөлөр борборунун ишинин аркасында изилдөө долбоорлоруна демөөрчүлүк кылуучу (башкалар менен катар) Ачык коом институту (Сорос фонду), ЮСАИД,  ЮНИСЕФ, DFID ж.б. көптөгөн уюмдар менен кызматташып келе жаткандыгына сыймыктанат.


БААУнун ийгилиги айдан айкын - 1800 бүтүрүүчүбүз өз билимдерин Гарвард, Йель, Индиана, Сорбонна жана Борбордук Европа университети сыяктуу кадырлуу окуу жайларында улантып жатышат. БААУнун бүтүрүүчүлөрүн бүткүл дүйнө боюнча абройлуу уюмдар менен мекемелерде иштеп жаткандыгын көрсө болот, алардын ичинде BBC, Citibank, Cisco Systems, Deloitte & Touche, Google, IBM, ЮСАИД, Дүйнөлүк банк ж.б.


БААУ тынымсыз өнүгүп-өрчүү жолунда жана мындан аркы жаңылануу, кызматташтык жана үгүт иштери боюнча келечекке ишенимдүү карайт. Окуу программалары 2013-жылдын күзүндө жаңы, заманбап кампуска көчөт. Андан сырткары, БААУ чет элдик, айрыкча Европа менен АКШдан студенттерди тартуу жана алардын санын кеңейтүү үчүн жатакана курат. БААУ өзү кызмат көрсөткөн коомдун суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн жаңы багыттагы программаларды иштеп чыгууда, алардын ичинде экономиканы өркүндөтүү жана туруктуу өнүгүү тармагы боюнча магистрдик программалар, о.э. жарандык агартуу ишинде үзгүлтүксүз билим алуу, аскер кызматкерлерин жаңы адистиктер боюнча кайра даярдоо, андан сырткары, Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында спутник аркылуу билим берүү түйүнү да кирет.


БААУ 15 жылдан бери Борбордук Азиянын студенттери үчүн эшигин ачып келет жана өз дүйнөсүн жакшыга карай өзгөртүүнү каалаган жаштарды жакшы билим менен камсыз кылуудагы аракеттерин уланта бермекчи.

American University of Central Asia
205 Abdymomunov St.
Bishkek, Kyrgyz Republic 720040

Tel.: (+ 996 312) 66 11 15
Fax: (+ 996 312) 66 32 01

         
Bookmark and Share