КРнын Улуттук илимдер академиясынын архивдеринде жана Кол жазмалар фондунда практикалык сабак
“Book History” жана “Digital Archives” курсунун студенттери архивдик фонддор менен практикалык таанышуусунун алкагында февралдын ортосунда өлкөнүн маанилүү архивдик мекемелеринде болушту - Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви, Кыргыз Республикасынын кинофотофонодокументтер архиви жана КРнын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фонду.