Борбордук Азиядагы Америка университети “Билимкана” фонду менен биргелешип БААУ Мектебин ачат

Борбордук Азиядагы Америка университети “Билимкана” фонду менен биргелешип БААУ Мектебин ачат

17 марта 2016

2016-жылдын 18-мартында, саат 12:00де Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Билимкана” фондунун БААУ менен биргеликте “AUCA High School” мектебин ачуу боюнча басма сөз жыйыны өткөрүлөт.

БААУ Мектеби 8-11 класстардын окуучуларын кабыл алат, мектеп окуучуларын БААУ жана дүйнөнүн башка алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшырууга даярдайт.

Мектептин окуу программасы STEM системасына негизделген – математика, так илимдер, маалымат технологиялары (код жазуу) жана англис тили боюнча сабактар берилет.

БААУ Мектебинде окутуу үчүн ордо калаанын алдыңкы көрүнүктүү, алардын ичинде жогорку окуу жайларында окутуу тажрыйбасы болгон окутуучулар чакырылган. Алардын кесиптик деңгээли БААУ академиялык окутуу стандарттарына жана талаптарына жооп бериши үчүн, бул жылдын жайкы мезгилинде алар кошумча түрдө квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшөт.

БААУ Мектебинин окутуу жана тарбия берүү программасы үч компоненттен түзүлгөн: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин стандарттары жана талаптары боюнча жалпы билим берүү программасы; Борбордук Азиядагы Америка университетинин англис тил жана математиканы колледж деңгээлинде окутуу  программасы; окуучуларга билимдүү болуудан тышкары, күчтүү, өзүнө ишенген жана баарлаша билген жаран болууга жардам бере турган жеке өздүк өнүгүү компоненти.

Окутуу орус тилинде өткөрүлөт, кыргыз тил тереңдетилип окутулат. Академиялык жана оозеки англис тилин өздөштүрүү, TOEFL сынагын тапшырууга даярдануу үчүн сабактардын жарымы англис тилинде окутулат.

Мектеп БААУ жаңы кампусунда жайгашат, мында окуучулар университеттин эң жаңы китепканасын, медиа каражаттарды, компьютер лабораторияларын, спорт залын пайдалана алышат.

БААУ көп жылдан бери Кыргыз Республикасындагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын көч башында турат. Университеттин дээрлик бардык бүтүрүүчүлөрү кесиби боюнча чөлкөмдүн жана дүйнөнүн ири компанияларында, эл аралык уюмдарда жумушка орношуп иштешет. Гарвард, Колумбия, Джорджтаун, Йэль, Нью-Йорк, Кэмбридж, Оксфорд, Сэнт Эндрюс сыяктуу дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин магистрдик программаларына Кыргызстандан БААУ бүтүрүүчүлөрү эң көп тапшырышат. БААУ көптөгөн кыргызстандыктар үчүн берекелүү академиялык же кесиптик эмгек жолуна түшүүдө башталгыч тирек болуп берди.

БААУ Мектеби көп сандагы мектеп окуучуларына БААУ жана башка университеттерге тапшыруу, жогорку сапаттуу билим алуу үчүн жардам берет.

«Билимкана» коомдук фонду Кыргызстандын шаарларында, айылдарында мектеп тармагын негиздеп, башкарып келет. «Билимкана» мектептеринде сапаттуу жана инновациялык билим берилет.  Азыркы дүйнөдө окуучуларга билимден тышкары баалуу турмуштук жөндөмдүүлүктөр керек. Булар мектепте жана жогорку окуу жайда окууда гана эмес, кийинки эмгек жолунда, чыгармачылыкта, иш баштоодо да керек болот.

БААУ Мектеби өз алдына академиялык билим берүүнүн жогорку деңгээлин гана эмес, окуучулардын жеке өздүк өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү максат кылып коёт.

 

Мыкты университет – мыкты мектеп!

 

Иш-чара 18 мартта, саат 12:00де БААУ жаңы кампусунда орун алат.

Дарек: Бишкек ш., Аалы Токомбаев көчөсү 7/ 6 (12-кичирайон), 4-кабат, CH конференц-залы.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028