Борбор Азиядагы Америка университетинин Жаңы муун академиясында акысыз билим алууга сынак

Борбор Азиядагы Америка университетинин Жаңы муун академиясында акысыз билим алууга сынак

24 июня 2016

  1. Жаңы муун академиясынын стипендиялык программасы

Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылдык интенсивдүү университетке даярдоочу бир жылдык окуу программасын сунуш кылат. Окуу программанын негизин англис, орус жана кыргыз тилдери курстары жана математика сабагы түзүшөт.  Окуудан тышкары академиянын студенттери БААУнун студенттик клубдары менен бирге (шахмат, дебат, театр), ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.

Сынакка баардык орто билим берүү окуу жайларынын (техникум, колледж ж.б.) жана орто мектептердин быйылкы бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Быйыл Кыргызстандын баардык аймактарынан конкурстун негизинде орто билим берүү окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган 30 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында билим алууга мүмкүнчүлүк алат.

 

Стипендиялык программа студенттердин төмөнкү чыгымдарын каржылайт:

  • Бир жылдык окуунун толук наркы
  • Окуу мөөнөтү аяктаган убакка чейин жатакананы
  • Айына төлөп берилүүчү стипендия

 

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү окуу программанын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу официалдуу сертификатка ээ болушат.

 

      2. ЖМАнын стипендиясына кимдер тапшыра алат? Тандоо талаптары:

  • Кыргызстандын жараны болуу жана арыз берген учурда өлкөнүн аймагында жашоо.
  • Англис тилинде орто деңгээлде жазуу жана сүйлөө.
  • Тандоо талаптарына материалдык абал боюнча туура келүү.
  • Орто билим берүү окуу жайын ийгиликтүү аяктоо же бүтүрүүчү класста/курста окуу.
  • Окуу жылынын башталышында ЖМАнын окуу программасын баштоого даяр болуу.

 

      3. ЖМАнын стипендиясына кантип тапшырууга болот?

I баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын форманы жана талап кылынган керектүү документтерди тапшыруу:   

  • Толтурулган ЖМАнын стипендиясынын формасы;
  • “Мен эмне үчүн ЖМАда окугум келет?” (Why do you want to study at NGA?) аталыштагы англис тилинде  дилбаян;
  • Класс жетекчиңиз  же кураторуңуз  тарабынан толтурулган сунуштоо каты.  Сунуштоо катынын толтурулуу тартиби формада көрсөтүлгөн;
  • Атайын формада көргөзүлгөн документтеринин түп нускасы же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • Орто билим берүү окуу жайын/мектепти бүтүргөндүгүңүздү тастыктаган документ жана сиз алган баалар көрсөтүлгөн табель;
  • Кошумча шаардык, областтык, республикалык жана эл аралык окуучулар арасындагы олимпиадалардан алган грамота, диплом же сертификаттарыңыздын көчүрмөсү.

Жарым финалисттер англис тилинен тест жазышат жана маектешүүгө катышуусу зарыл. Тест жана маектешүү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Маанилүү: Сынактын уюштуруучулар жарым финалга өткөн катышуучуларга гана телефон аркылуу финалга өткөнүн маалымдашат.

ЖМАнын стипендиясынын керектүү документтери жөнүндө толук маалыматты ЖМАнын www.nga.auca.kg сайтындан тапсаңыздар болот.

 

II баскыч: Англис тилден тестирлөө жана  ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүү:

  • Сынактын жарым финалга өткөн катышуучулары англис тилинен тестирлөөгө катышышат. Тест англис тилинин грамматикасын, жазуу жана окууну текшерет. Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлөт.
  • Маектешүү дагы Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Маектешүүнүн башкы тили англис тили, ал эми кыргыз жана орус тилдери кошумча колдонулат. Жарым финалчылардын арасынан англис тили тесттинен жана маектешүүдөн өткөн катышуучулардан тандалып, ЖМАда бир жыл акысыз окууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

      4. Маанилүү даталар:

  • 2016-жыл 24 июнь – толтурулган форманы жана баардык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү
  • Июль 2016- жыл – документтерди карап чыгуу жана жарым финалчыларды тандоо
  • Июль 2016 - жыл – англис тилинен тестирлөө жана маектешүү өткөрүү, финалга өткөн катышуучуларды маалымдоо
  • Сентябрь 2016 - жыл - ЖМАда окуу жылдын башталышы

 

       5. ЖМАнын стипендиясынын атайын толтуруучу формасын кайсыл жерден алууга болот?

ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын биздин электрондук баракчадан www.nga.auca.kg жана ЖМАнын БААУдагы кеңсесинен алууга болот.

 

       6. Документтерди кайда жиберүү керек?

Эскертүү: Көрсөтүлгөн дарек боюнча толтурулган форманы жана баардык талап кылынган документтердин топтомун жибериңиз же алып келип бериңиз:

Бишкек шаары, Кыргызстан

Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, №420 кабинет

Жаңы муун академиясы

Борбор Азиядагы Америка университети

 

       7. Байланыш үчүн маалымат

Электрондук баракча: www.nga.auca.kg

Электрондук дарек: nga@auca.kg

Тел.: + 996 (554) 55-09-39/ +996 (312) 91 50 00 (кошумча: 486,485)

 

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028