БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИНИН ДАЙЫНДАЛГАНЫН ЖАЛПЫГА БИЛДИРЕТ

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИНИН ДАЙЫНДАЛГАНЫН ЖАЛПЫГА БИЛДИРЕТ

4 февраля 2019

Бишкек, Кыргыз Республикасы – 4-февраль, 2019 – Борбор Азиядагы Америка Университетинин Камкорчулар Кеңеши бүгүн Вашингтондогу Джорджтаун университетинин профессору, Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборуна караштуу Россия-Евразия программасынын мурдагы директору, Эндрю Качинс Университеттин жаңы Президенти катары кызмат кыларын жарыялады. Профессор Качинс үстүбүздөгү жылдын май айында өз кызматтык милдеттерин аткарууга толук киришип баштайт.

Камкорчулар Кеңешинин төр агасы Дэвид Лахдир, кеңештин атынан берген жарыясында төмөндөгүдөй пикирди билдирди: “Профессор Качинс Борбор Азиядагы Америка Университетинин президенти катары иштөөгө макул болгонуна абдан кубанып турам. Анын евразиялык жана постсоветтик чөлкөм боюнча жүргүзгөн бай тажрыйбалуу илимий жана академиялык ишмердиги, үч дүйнөлүк деңгээлдеги илимий мекемеде - Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS), Карнеги атындагы Эл аралык тынчтык фонду, Джон жана Кэтрин МакАртур атындагы фондусунда кызмат аркалаганы, ошондой эле, Джорджтаун, Стэнфорд жана Калифорниядагы Беркли университетттеринде иштегени да, аны биздин университеттин өнүгүп-өсүшүнүн кийинки баскычында жолбашчы болушуна эң ылайыктуу талапкер кылат”.

Профессор Качинс: “Мен Борбор Азиядагы Америка Университетинин кийинки президенти болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума абдан сүйүнүп турам, мага көрсөтүлгөн ишенимге терең ыраазычылык билдирем. БААУ чөлкөмдөгү көрүнүктүү, бирден-бир мыкты окуу жайлардын бири, соңку 25 жыл ичинде Кыргызстан жана Орто Азиянын башка мамлекеттеринен келген студенттерге жогорку сапаттуу билим берүүдө эбегейсиз зор иш аткарды. Мен үчүн БААУ менен мындан да жогорку бийиктиктерди багынтуу оңой эле иш болот деп эсептебейм, бирок мен тезинен жумушка киришүүнү чыдамсыздык менен күтүп турам, университеттин мыкты Камкорчулар Кеңеши, профессордук-окутуучулук курамы жана административдик кызматкерлери, ошондой эле кең пейил донорлорунун колдоосу менен эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз деген ойдомун”.

Борбор Азиядагы Америка Университети эл аралык, көп тармактуу билим берүү мекемеси болуп, америкалык гуманитардык билим берүүнүн эң мыкты салттарына ылайык иш жүргүзгөн жогорку окуу жайы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарындагы жаңы курулуп бүткөн кампуста жайгашып, окуу программасында Даярдык программасы (Жаңы Муун Академиясы), 14 бакалавриат жана 4 магистратура программаларын камтыйт. Борбор Азиядагы Америка Университети - АКШнын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Бард Колледжи менен кызматташтыкта АКШда аккредитацияланган гуманитардык илимдер программалары багытында илимий даражаларды Орто Азияда биринчи болуп ыйгарган университет болуп саналат.

“Бард Колледжи Эндрю Качинсти өнөктөштөрүнүн бири болгон Борбор Азиядагы Америка Университетинин жаңы президенти болуп дайындалышына чын жүрөктөн кубанычын билдирет. Ушундай көрүнүктүү инсан менен чөлкөмдө чоң мааниге ээ болгон алдыңкы жогорку окуу жайы бири-бирине эң ылайык келет деп эсептейм” – деп, Бард Колледжинин Президенти Леон Ботштейн өз оюн билдирди.

Качинс азыркы тапта Джорджтаун университетинин Дипломатиялык кызмат мектебине караштуу Евразия, Россия жана Чыгыш Европаны изилдөө борборунда изилдөөчү-профессор жана ага илимий кызматкер катары эмгек кылат. 2007-жылдан 2015-жылга чейин ал Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборуна караштуу Россия-Евразия программасынын директору болуп иштеген. 2000-2007-жылдар аралыгында Карнеги атындагы Эл аралык тынчтык фондунда бир катар жетекчи орундарында иштеп, анын ичинде Карнеги фондунун Москвадагы борборун жана Россия жана Евразияны изилдөө программасын жетектеген.

Эндрю Качинс БААУда 2018-2019 окуу жылынын башынан бери убактылуу негизде жетекчиликти аткарган Бард Колледжинин аткаруучу вице-президенти, Академиялык маселелер боюнча вице-президенти Джонатан Беккердин ордуна келет. БААУ Камкорчулар Кеңешинин төр агасы Девид Лахдир бул боюнча өз пикирин мындайча билдирди: “Биз Бард Колледжине, БААУнун көптөн берки өнөктөшүнө доктор Беккерди өткөөл мезгилде университетибиздин жетекчиси катары кызмат кылышына уруксат бергени жана президент Беккердин университетибиздин жолун чын жүрөктөн жолдогону үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз доктор Беккер жана доктор Качинс ортосунда келе жаткан айлардын ичинде башкарууну жеңил өткөрүп берүү үчүн жигердүү кызматташтыкты көрсөтүшүн күтөбүз”.

БААУ көптөгөн донорлордун колдоосу менен түзүлгөн. Алардын ичинде USAID – АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана Ачык Коом Фонду да болгон. Аталган донорлор университетке азыркыга чейин өз колдоосун көрсөтүп келе жатышат.

Президент Беккер доктор Качинстин бул кызмат ордуна дайындалышына абдан кубанып, бул тууралуу өз пикирин төмөндөгүчө билдирди: “БААУ коомчулугу доктор Качинсти университеттин 25 жылдыгында жамаатка кошулушун кубаттайт. Анын бай тажрыйбасы, чөлкөмгө болгон кызыгуусу университеттин аймактагы эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп, кыргыз-америкалык кызматташтыктын мыкты үлгүсү катары келечектеги өсүшүнө жакшы пайдубал түзүп берет деген ойдобуз”.

Кошумча маалымат үчүн төмөндөгү контакттар боюнча байланышыңыз:

БишкектеДинара Орозбаева, тел. : +996 312 915 000 (кош. 243) же pr@auca.kgorozbaevad@gmail.com

АКШда, Mark Primoff, тел.: 845.758.7412 же primoff@bard.edu.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028