“Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык Олимпиадаларынын маселелер жыйнагы” эми баарына жеткиликтүү

“Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык Олимпиадаларынын маселелер жыйнагы” эми баарына жеткиликтүү

1 ноября 2023

#олимпиадапоматематике#математика#math#ami

Интернет айдыңында “Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык Олимпиадаларынын маселелер жыйнагы” интерактивдүү электрондук китеби пайда болду. Бул эмгек БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” программасынын окутуучулары тарабынан сабак өтүү, окутуу жана технологиялар борборунун ар тараптуу колдоосу астында жана БААУнун китепканасынын көмөгү менен даярдалган.

Китептин 2021-жылы жарык көргөн басма варианты кесипкөйлөрдүн чоң кызыгуусун жаратып, ага орто мектептердин математика мугалимдери кызыгышкан. Эми минтип акыры алар китептин интерактивдүү форматындагы электрондук версиясына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Авторлор жыйнакка республикабыздын бардык булуң-бурчтарында жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жаралышы мектеп окуучуларынын математика менен алектенүүсүнө дем-күч берип, жогорку билим алууга жана БААУга тапшырууга каалоосу күчөйт деп эсептешет. 

Жыйнактын өзгөчө белгиси болуп андагы маселелерге жооптордун талдоо жана кенен чечимдери менен берилгендиги эсептелет.

Олимпиадалык математикалык кыймылдын чакырыгын кабыл алууну каалаган жана өзүнүн логикалык жөндөмдөрүн сынап көргүсү келгендердин баары электрондук китеп менен бул шилтеме аркылуу тааныша алышат: https://dspace.auca.kg/handle/123456789/2775.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028