БААУ – Кыргызстанда №1 жогорку окуу жайы!

БААУ – Кыргызстанда №1 жогорку окуу жайы!

7 декабря 2023

Борбордук Азиядагы Америкалык университети британиялык Quacquarelli Simmons (QS) агенттигинин QS World University Rankings Asia 2024 рейтингине ылайык, Кыргызстандагы №1 жогорку окуу жайы аталды. БААУ Кыргызстандын башка ЖОЖдорунун арасынан эң жогорку баага ээ болгон жана Борбордук Азияда мыкты университеттердин мыкты ондугуна кирген (ТОП-10). Муну менен БААУ өлкөдөгү жана Борбордук Азиядагы алдыңкы ЖОЖ макамын тастыктады. Окуу жай “Окутуучулар - студенттер”, “Эл аралык студенттик коэффициент” катыштарында, ошондой эле Эл аралык тышкы баалоолор жана жумуш берүүчүлөрдүн баалоолору боюнча жогорку баа алган.

QS World University Rankings дүйнөдөгү абройлуу жана таасирдүү унвиерситеттик рейтингдердин бири катары кеңири таанымал. Ага ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгында Азиянын университеттеринин бүткүл дүйнөлүк рейтинги глобалдык таанып-билүү, билим берүү ресурстары, изилдөөчүлүк жөндөмдүүлүктөр, университетти интернационалдаштыруу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу деңгээли менен аныкталат. Быйыл QS Asia тарыхта эң ири болуп калды. Ага 25 өлкөнүн 857 белгилүү окуу жайлары катышты. Алардын арасында рейтингге биринчи жолу катышкан 149 окуу жай да бар.

Жалпы рейтингде биринчи орунду Кытайдагы Пекин университети алса, экинчи орунду Гонконг университети камсыздаган. Ал эми үчүнчү орунда Сингапурдун Улуттук университети жайгашкан. Мыкты ондукка бүткүл Малайзия, материктик Кытай жана Түштүк Кореяны камтыган Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азиянын ар тараптуу окуу жайлары киришти. Биз Азиянын ири университеттери менен атаандашып, Борбордук Азияда мыкты ондукка киргендигибиз жана Кыргызстанда 1-орунда тургандыгыбыз менен сыймыктанабыз.

Биз студенттерибизди Кыргызстанда жана анын аймагынан тышкары дисциплиналар аралык жана эл аралык чөйрөдө жогорку сапаттуу билим берүү менен камсыздоо үчүн интернационалдаштыруубузду, академиялык аброюбузду жана ошондой эле билим берүү ресурстары менен изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүктөрүбүздү алга жылдырууга умтулуп келебиз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028