СоциоКвест: Келечекке саякат

СоциоКвест: Келечекке саякат

25 марта 2024

#социология#sociology#soc

Сен 11-класста окуйсуң жана кайсы окуу жайга тапшыруу боюнча бир чечимге келе элексиңиби? Жада калса кайсы багытта билим алуу тууралуу да ойлоно элексиңби? Анда сен үчүн мыкты мүмкүнчүлүк бар! 30-мартта БААУнун социология факультети болочок абитуриенттер үчүн бир күндүк оюн-зоок уюштурууда. Бул бир учурда университет жана адистик менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк!

Катышуу акысыз!

Сени булар күтөт:

  • Каныккан таймаштар программасы
  • Кофе-брейк
  • Жеңүүчүлө үчүн баалуу белектер
  • Факультет жана анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толгон-токой жаңы маалыматтар

Социология – бул башкаруучулук жана саясий чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон маалыматтар жөнүндө илим. Ааламдашуу шартында бизнес менен саясат илимий-негизделген сунуштамалар жана сапаттуу божомолдорго муктаж. Мына ушулардын баарын болочок социологдор окуп-үйрөнүшөт. Андыктан сенде өз күчүңдү бул жаатта сынап көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Дагы да болсо күмөн санап жатасыңбы? Тезинен жазыл, орундардын саны чектелүү!

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfSrvNcsH4B8jkL3dYfAz5ixPf0OPkUSeBKqrxSu2O6CacmqA/viewform?usp=sf_link 

СоциоКвесттин программасы: https://drive.google.com/file/d/1XsgTwFUh3ojGl61FR3FiLVO_ZLVcl0JL/view?usp=sharing.

Сурап-билүү үчүн почтага кайрылыңыздар: soc@auca.kg.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028