“Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультети

“Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультети

28 марта 2024

#экология#ESCS

“Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин максаты - ар кандай экологиялык көйгөйлөрдү терең түшүнүү жөндөмү бар экология жана климатология тармагындагы жогорку кесипкөйлүк билимге ээ адистерди даярдоо. Мында экологиялык көйгөйлөр деп климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн жоголушу, суунун жетишсиздиги, жаан-чачындар менен түшүмдү божомолдоонун төмөндөшү, жапайы жаратылышты жоготуу сыяктуу көрүнүштөр назарда тутулуп жатат. Эколог менен климатологдун ишмердүүлүгү курчап турган айлана-чөйрөнүн сапатын сактоо жана коомдун туруктуу бекем өнүгүүсүнүн концепциясына негизделген нормативдик-укуктук экологиялык нормативдерди камсыздоого багытталган.

Программа Борбор Азиянын мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн экологиялык эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле ал өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө басым жасап, дүйнө жүзү боюнча жасалып жаткан экологиялык изилдөөлөргө төп келет.

Факультеттин студенттери студенттердин алмашуу программаларына катыша алышат жана Европа менен Американын ЖОЖдорунда бир же эки семестр окутуудан өтө алышат.

Факультет жөнүндө кошумча маалымат:

https://escs.auca.kg 

emsd@auca.kg 

Окууга тапшыруу:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg 

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028