БААУнун командасы Филипп С. Джессап атындагы сынактын улуттук баскычында биринчи орунду ээледи

БААУнун командасы Филипп С. Джессап атындагы сынактын улуттук баскычында биринчи орунду ээледи

28 марта 2024

БААУнун командасы Казакстанда өткөн Эл аралык укук боюнча Филипп С. Джессап атындагы сынактын улуттук баскычында биринчи орунду ээлеп, бул сынактын АКШда өтчү Эл аралык баскычында Кыргызстандын намысын коргомой болду.

2024-жылдын 15-февралынан 17-февралына чейин КИМЕП (Казакстан) университетинде аралык укук боюнча Филипп С. Джессап атындагы сынактын улуттук баскычы болуп өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ЖОЖдорунан жалпы 11 команда катышты. Борбордук Азиядагы Америка университетинин Эл аралык жана бизнес укук факультетинин студенттери Эл аралык укук тармагында терең билимдерин менен жазма жана оозеки речинин мыкты ыкмаларын көрсөтүү менен кезектеги жолу өз лидерлигин тастыктап, сынактын улуттук баскычын жеңип алышты. Эми алар Кыргызстандын намысын Вашингтондо (Колумбия аймагы, АКШ) өтчү Эл аралык баскычта талашмакчы.

БААУнун курамына киргендер: Айзирек Исламкулова (4-курс), Даниел Маниязов (4-курс), Элайым Мусабекова (3-курс), Эльдар Закиров (3-курс) жана Салтанат Асанова (3-курс). Студенттер сынакка Бегайым Сейитбекованын жетекчилиги астында катышкан. Даниел Маниязов “Мыкты чечен” сыйлыгына арзып, муну менен анын талыкпаган эмгеги акталды десек жаңылышпайбыз.

Филипп С. Джессап атындагы сыйлык – бул 100 өлкөнүн 700дөн ашуун командаларынын башын бириктирген Эл аралык укук боюнча дүйнөдөгү эң ири студенттик сынак. Ага Гарвард университети, Колумбия университети, Оксфорд университети сыяктуу бир катар абройлуу окуу жайлар катышып келет. Сынак сот процессинин үлгүсүндө оюн түрүндө өткөрүлүп, анда командалар ойдон чыгарылган арыз берүүчү мамлекеттин жана Бириккен улуттар уюмунун Эл аралык сотундагы доочунун ордунда катышышат. Сынак англис тилинде өткөрүлөт. Ал эми калыстардын милдетин Эл аралык укук тармагындагы алдыңкы эксперттер, Эл аралык соттор, окутуучулар, Эл аралык уюмдардын жана юридикалык компаниялардын юристтери аркалашат.

 





 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028