Жердин бир сааты

Жердин бир сааты

30 марта 2024

#sustainable_auca#CCE

 

Жердин бир сааты:

Урматтуу БААУнун коомчулугу,

Туруктуу бекем чөйрөнү жаратууга жана жоопкерчиликтүү жарандуулукту колдоого такай умтулуу менен биз 30-мартта жергиликтүү убакыт менен 16:30дан 17:30га чейин Жердин бир саатына катышууга чакырабыз. Бул глобалдык демилге коомчулуктар менен мекемелердин жарандарын керексиз жарыктарды 1 саатка өчүрүүгө чакырат. Максат - климаттын өзгөрүшү менен энергияны сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурдуруу.

Жердин бир сааты - бул биздин платенабызды коргоо үчүн жалпы жамааттык жоопкерчилигибиз тууралуу эске салуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу. Биригүү жана керексиз жарыктарды өчүрүү менен биз көмүртектин таасирин бир кыйла төмөндөтүп, энергиянын ресурстарын сактайбыз.

Биз БААУнун коомчулугунун ар бир мүчөсүн быйылкы жылкы Жердин бир саатына катышууга чакырабыз. Кайсы жерде болгонуңуздан көз карандысыз түрдө, мейли кампус же башка жайда болсун, биз жарыкты өчүрүүгө, розеткалардан электроникаларды сууруп чыгууга жана дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга кошулуп, туруктуу өнүгүү үчүн умтулуубузду көрсөтүүгө чакырабыз.

 

Мындан тышкары биз сизди ошол убакытты курчап турган айлана-чөйрөгө көмөктөшүү үчүн чакан өзгөрүүлөр жөнүндө ой-жүгүртүүгө арноого чакырабыз. Энергияны керектөөнү кыскартуудан баштап экологиялык тажрыйбаларды киргизүүгө чейинки биздин күч-аракеттер келечек муун үчүн дени-сак планетаны жаратууга шарт түзөт.

 

Келиңиздер бул Жердин бир саатында салым кошуу үчүн биригели. Биз биргеликте баарыбыз үчүн жаркын, өнүккөн келечекти жарата алабыз.

 

Катышууңуз жана биздин планетаны коргоо үчүн чын дилиңиздер берилгендигиңиз үчүн ыракмат!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028