Америкалык студенттер үчүн кабыл алуучу үй-бүлө бол

Америкалык студенттер үчүн кабыл алуучу үй-бүлө бол

1 апреля 2024

Бул жайда, тактап айтсак, 2024-жылдын 8-июнунан 6-августуна чейин “Critical Language Scholarship Program” CLS 2024 жайкы мектеби өтөт.

Critical Language Scholarship Program (CLS) - бул АКШнын колледждери менен университеттеринде билим алган америкалык студенттер үчүн чет өлкөлөрдө тил үйрөнүү үчүн интенсивдүү программа. CLS программалары Бишкекте БААУ менен өнөктөштүктө ишке ашырылып келет. 18 жаштан 30 жашка чейинки студенттер орус тилин үйрөнүшөт. Эки айдын аралыгында студенттер БААУда интенсивдүү тил курстарын алып, андан ары аны кабыл алуучу үй-бүлөдө практикалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Сизде Америкадан келген студенттер үчүн кабыл алуучу үй-бүлө болуу, достошуу жана биздин бай маданиятыбыз менен бөлүшүү  уникалдуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Эгер сиз буга кызыкдар болсоңуз, анда тиркемедеги форманы толтуруп, аны 2024-жылдын 31-мартына чейин imanova_a@auca.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Тандалып алынган үй-бүлөлөр баарлашуу жана тренингдерге чакырылат.

Кабыл алуучу үй-бүлөлөр үчүн негизги талаптар буларды камтыйт:

1) Орус тилинде эркин сүйлөө жана CLS студенттери менен орус тилинде гана сүйлөшүү

2) Студент үчүн өзүнчө бөлмөнүн болушу

3) Жумуш күндөрү 2 маал, дем алыш күндөрү 3 маал тамактанууну камсыздоо

4) Жагымдуу шарттар жана меймандостук 

5) Программанын катышуучуларына жоопкерчиликтүүлүк жана колдоо 

Маалымат үчүн: Ар бир кабыл алуучу үй-бүлөгө каржылык компенсация берилет

Биз программа үй-бүлө менен студентке унутулгус учурларды жана жада калса келечекте узакка созулган достук мамилелерин берерине ишенебиз.

Эгер Сиз мындай мүмкүнчүлүктү досторуңуз менен бөлүшсөңүз биз кубанычта болобуз. Балким алардын арасында америкалык студенттер үчүн кабыл алуучу үй-бүлө болууга кызыкдарлар бар чыгар.

Сурап-билүү үчүн биз менен imanova_a@auca.kg электрондук дареги же 0553 800 183 (Айканыш) номуру аркылуу байланышсаңыз болот.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028