БААУнун Жаңы муу академиясы (ЖМА) стипендиалдык программага өтүнмөлөрдү кабыл алат

БААУнун Жаңы муу академиясы (ЖМА) стипендиалдык программага өтүнмөлөрдү кабыл алат

1 апреля 2024

#ЖМА#анп#NGA

 

 

БААУнун Жаңы муу академиясы (ЖМА) стипендиалдык программага өтүнмөлөрдү кабыл алууну улантат.

БААУнун Жаңы муун академиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынын орто билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн 25 толук стипендия тартуулайт.

ЖМАнын стипендиясы студенттин төмөнкү чыгымдарын камтыйт:

- ЖМАда толугу менен бир жылдык билим алуусун

- Жатаканада күн кечирүүсүн - Ай сайын берилүүчү стипендия

ЖМАнын стипендиясына кимдер өтүнмө бере алышат?

 

Талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл:

- КРнын жараны болуу жана өтүнмө берген учурда өлкө аймагында жашоо

- Англис тилин орто деңгээлде билүү

- 2023-2024-окуу жылында орто мектеп/колледждин бүтүрүүчүсү болуу

 

ЖМАнын стипендиясына кантип арыз берүүгө болот:

I кадам: ЖМАнын стипендиясына өтүнмөнүн формасын толтуруп, бардык тиешелүү документтери менен кошо тапшыруу

II кадам: Англис тили боюнча тест тапшыруу жана баарлашуудан өтүү

 

Өтүнмөнүн формасын жана документтердин тизмесин төмөнкү шилтеме боюнча биздин сайттан табууга болот: https://auca.kg/ru/nga_scholarships/.

 

Ошондой эле шилтемени биздин профилдин сүрөттөмөсүнөн таба аласыз. Тестирлөө жана баарлашууга 2-турга өткөн абитуриенттер гана чакырылат.

 

Документтерди тапшыруунун соңку мөөнөтү: 2024-жылдын 26-апрели

 

ЖМАга окууга тапшыруу тууралуу кенен маалымат:

E-mail: nga@auca.kg 

Tel., W/A: +996 220 118 243

https://auca.kg/ru/nga/ 

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028