БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Программалык азыктарды камсыздоого тендер

20 мая 2025

Борбордук Азиядагы Америкалык университети компанияларды №1 Тиркемеге ылайык программалык азыктарды камсыздоо боюнча тендерге катышууга чакырат.

Тендерге катышуу үчүн берилүүсү зарыл болгон талаптар менен документтердин тизмеси:

Уставдын көчүрмөсү.

Каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү

Башкы директорду дайындоо боюнча жыйналыштын Протоколунун көчүрмөсү

Компаниянын жетекчисинин инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

Эгер талапкер Кошумча нарк салыгынын төлөөчүсү болсо, анда салык кызматынан кошумча нарк салыгынын төлөөчүсүнүн каттоодон өткөндүгүн тастыкктаган документ

Ушул сыяктуу жеткирип берүүлөрдү соңку бир жыл ичинде 2 миллион сомдон аз эмес суммада аткаргандыгы тууралуу тажрыйбасын тастыктоо

Кардарлардан эки сунуштама кат

Сунушталып жаткан азыктын баасы көрсөтүлүп, камсыздоочунун мөөрү басылган жана колу коюлган техникалык спецификациясы

Сунушталып жаткан азыктын техникалык параметрлери сатып алып жаткан уюмдун талаптарына төп келүүсү кажет

Бардык салыктар менен чогултууларды эске алуу менен (КНСти өзүнчө белгилөө менен) баасы, жеткирүүнүн мөөнөтү

Социалдык фонддон карызы жоктугу тууралуу маалымдама

Салык кызматынан карызы жоктугу тууралуу маалымдама

Банкроттуулук процедурасы өткөрүлбөй жаткандыгын тастыктаган Экономика министрлигинен маалымдама

Мөөнөттөр боюнча талаптар:

Өтүнмөдө камсыздап берүүнүн мөөнөттөрү көрсөтүлүүсү кажет

Камсыздоо боюнча талаптар:

Өтүнмөдө камсыздалып берилип жаткан программалык камсыздоонун баалары бардык салыктар менен чогултууларды кошуп берилиши абзел.

Кызыкдар компаниялар тендерге катышуусун тастыктоочу билдирүүнү компаниянын реквизиттери менен байланыш маалыматтарын тиркөө менен төмөнкү даректерге жөнөтүүсү зарыл: revin_s@auca.kg жана sorokin_a@auca.kg.

Тендердик өтүнмөгө кепилдик камсыздоо талап кылынбайт.

Тендер боюнча сунуштар 2025-жылдын 9-июну кечки саат 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча жайгашкан БААУнун имаратында кабыл алынат: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, “Коопсуздук кызматы” күзөтү, Маалыматтык технологиялар департаменти үчүн, “МТД үчүн тендердик документтерди каттоо баракчасы” файлында тапшыруу фактысын милдеттүү түрдө каттоо менен.

Байланыш үчүн:

Уюштуруу маселелери боюнча

Ревин Сергей Петрович

Маалыматтык технологиялар активдерин башкаруу боюнча улук администратор

БААУнун Маалыматтык технологиялар департаменти

Тел.: (+996) уюлдук: 0555 419491

Email: revin_s@auca.kg

 

Программалык камсыздоо маселелери боюнча

Сорокин Андрей Фёдорович

Техникалык колдоонун жетектөөчү инженери 

БААУнун Маалыматтык технологиялар департаменти

Тел.: (+996) уюлдук: 0551 477 656

Email: sorokin_a@auca.kg 

№1 Тиркемени бул жерден көрүп алууга болот.

<<