“Педагогика” магистратурасы
9 июля 2025
“Педагогика” магистратурасы - бүтүрүүчүлөрү эки диплом алган Борбордук Азиядагы жападан жалыз программа: Бард-колледждин (АКШ) даражасын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүсүндөгү дипломун. Бул эки жылдык билим берүү жаңы муундун устаты болууну жана Кыргыз Республикасы жана аймакта билим берүүгө салым кошууну каалагандарга багытталган.
Программа Нью-Йорктогу MAT Bard College үлгүсүнө негизделип, тоериялык жана практикалык даярдыкты камтыйт. Көнүл чордонунда - предметтик педагогика, өспүрүмдөрдү өнүктүрүү, инклюзия, мультимаданияттуулук, туруктуу өнүктүрүү жана Борбордук Азиянын билим берүү контексти. Окуу планы изилдөөчүлүк жана насаатчылык практиканы, ошондой эле Кыргыз Республикасында мугалимдик лицензияны алууга даярдануунун камтыйт.
Окутуу аралаш форматта өткөрүлөт: жайында БААУнун кампусунда күндүзгү интенсивдер жана күзгү жана жазгы семестрлер учурунда онлайн-сабактар. Мындай график студенттерге билим алууну окутуучулук иш же педагогикалык практика менен айкалыштырууга жардам берет.
Курсту БААУ, Bard College жана Bard Global Network мугалимдери өтүшөт. Программа АКШнын Кыргыз Респуубликасындагы Элчилиги тарабынан колдоого алынып, көп тилдүү жана этникалык жактан ар тараптуу коомчулуктардын өкүлдөрүнөн турган аймактардан келген абитуриенттерге стипендияларды тартуулайт.
Кененирээк: https://ioe.auca.kg
Суроолор: ioe@auca.kg