БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

АУЦА китепканасынын командасы китептерди реставрациялоо боюнча семинарга катышышты

30 сентября 2025

#китепкана

2025-жылдын 24–26-сентябрында АУЦА китепканасынын кызматкерлери Алматы шаарында жайгашкан Казакстандын Улуттук китепканасында өткөн китептерди реставрациялоо боюнча семинарга катышышты. Иш-чара 2024-жылы АУЦА менен Казакстандын Улуттук китепканасынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык Меморандумунун алкагында уюштурулду.

АУЦА кызматкерлери китептерди туура сактоо, калыбына келтирүү жана узак мөөнөттүү пайдалануу боюнча негизги ыкмаларды үйрөнүштү. Ошондой эле алар тазалоо, тигүү, жана мукабалоо сыяктуу практикалык иштер менен таанышып, күн сайын колдонулган китепкана материалдарды сактоонун жолдорун өздөштүрүштү.

Сапардын жүрүшүндө АУЦА кызматкерлери Улуттук китепкананын директору Нургалиева Газиза Кудайбергеновна менен жолугуп, реставрация жана консервация чөйрөсүндөгү учурдагы жана келечектеги кызматташууну талкуулады. Жолугушуу учурунда жаш кадрларды тартуу, алардын квалификациясын жогорулатуу жана окурмандар үчүн маданий-билим берүү иш-чараларын кеңейтүү маселелери да козголду.

Семинарды Шоманова Аида Муратовнанын жетекчилиги астында реставрация кызматынын адистери өткөрүштү. Алар өздөрүнүн кесиптик билимдери жана тажрыйбалары менен, ошондой эле баалуу китептерди реставрациялоо тармагындагы акыркы жаңылыктар менен бөлүшүштү жана АУЦА китепканачыларына практикалык кеңештерди беришти.

 

<< Назад к списку