Бард Колледждин окумуштуулары Джонатан Бекер жана Зарлашт Сармаст жарандык активдүүлүк жана аргасыз көчүрүлгөндөр жөнүндө макала жарыялашты
13 октября 2025
Бард колледждин академиялык маселелери боюнча вице-президенти жана саясат таануу боюнча профессору, БААУнун мурунку президенти Джонатан Бекер жана БААУнун бүтүрүүчүсү, Бард Колледждин жарандык активдүүлүк түйүнүнүн жана XXI кылымдын жогорку билим берүүсүнүн Глобалдык альянсынын координатору Зарлашт Сармаст макала жарыялашты. Анда аргасыз көчүрүлгөндөр жана качкын студенттердин жарандык жашоонун катышуучусу катары ролун кайра карап чыгышкан.
Internationalisation of Higher Education – Policy and Practice басылмасында жарык көргөн макалада университеттер менен Эл аралык уюмдар качкын студенттерди оор жүк эмес, а маданиятты улаган жана демократиялык баалуулуктарды бекемдеген активдүү катышуучулар катары карашы керек экендиги баса белгиленет. Кенен сурамжылоолор жана терең баарлашууларга таянуу менен Бекер менен Сармаст жарандык активдүүлүктөргө катышуу качкын студенттердин жеке эффективдүүлүк сезимине, коом менен байланышына, психосоциалдык ден-соолугуна, ошондой эле академиялык жана кесипкөйлүк өнүгүүсүнө жакшы таасир этерин аныкташкан. Бул аларга жаңы жайгашкан жерлеринде жакшы интеграцияланып, жаңы коомчулуктарына салым кошууга жардам берет.
“Жарандык активдүүлүк үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу менен билим берүү мекемелери студенттерге жашоо үчүн күрөштөн катышуу жана салым кошууга өтүүгө жардам берет. Мындай алга жылуу студенттерге да, алар кошулган коомдорго да пайдалуу болуп, көчүүнү жамааттык туруктуулуктун жана инновациянын булагына айлантат”,- деп белгилейт Сармаст.
Education Above All жана Эл аралык билим берүү институтунун колдоосу астында Катардын академиялык стипендияларынын жардамы менен АКШда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ооганстандык студент кыздардын бири АКШга көчүп баргандан кийин “бул жерде мен жат адаммын” деген сезимден арыла албай жүргөнүн айткан. Бирок жарандык долбоорлорго катышуу ага мындай сезимден арылып, коом менен байланыш табууга жардам берген. “Жарандык активдүүлүк менин жашоомду мен элестете албагандай өзгөрттү, дейт ал. - Ал мага өз коомумдун көйгөйлөрүн айтууга платформа берди жана алыста болсом да өз тегим менен байланышты сактап калууга жардам берди. Бул иштин артынан менде максат гана пайда болбостон, ошондой эле таандыктуулук сезими жаралды”.
Мьянманын рохинджа элинин өкүлү болгон студент Бангладеште жаштар билим берүү долбоорлоруна катышып жүрүп дал ушул сыяктуу сезимдерди билдирген: “Катышуу жана активизм аркылуу мен өз коомум менен байланышты сактап келем жана аны өнүктүрүүгө чын дилимден жан үрөйм”.
Бекер төмөнкүлөрдү белгиледи: “Биздин Нью-Йорктогу негизги капмуста жана башка БААУ сыяктуу өнөктөш университеттерде качкын студентттер менен көп жылдык иштешүүбуздүн жыйынтыгында ал студенттер болуп көрбөгөндөй таланттуу жана ойлоп табуучу экенин көрсөтө алдык. Алардын жарандык демилгелерине колдоо көрсөтүү - аларга өз алдынчалуулук сезимин табуу, көнүшүү жана өнүгүүгө жардам берүү дегендик”.
Макаланын авторлору БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгын 2030-жылга карата качкындардын 15% жогорку билимге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу стартегиясынын алкагында качкындарды жарандык ишмердүүлүктөргө аралаштырууну күчөтүүгө чакырат.