БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Күзгү дармарка & жарманке– 15-октябрь, Форум

14 октября 2025

Биз БААРЫҢЫЗДАРДЫ күзгү дармаркага (буюмдарды алмаштыруу жана буюмдарды белекке берүү) катышууга чакырабыз! Дармаркага параллель түрдө ата мекендик хэнд-мейд кол өнөрчүлөр менен экоөндүрүүчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Ал эми тыныгуу учурунда сынактар, кахут жана БЕЛЕКТЕР каралган эко-тематикада табышамктардын викторинасы орун алат!

  • Датасы: 15-октябрь
  • Өтүүчү жайы: БААУнун форуму

Иш-чаранын программасы:

10:00 – иш-чаранын башталышы

10:00 – 14:00 – дармарка

12:05 – 12:45 – сынактар, кахут & белектер каралган эковикторина!

10:00 – 18:00 – ата мекендик хэнд-мейд кол өнөрчүлөр менен экоөндүрүүчүлөрдүн жарманкеси

18:00 – Жарманкенин жана иш-чаранын жабылышы

Сынак жарыялайбыз! Эртең дармаркага пайдаланылган батарейка же электрондук калдыктарды алып келген ар бир жаран уюштуруучулардан белек алат!

Башка сынактар тууралуу иш-чара учурунда маалымдалат. Сиздерде сынактарга катышуу, жаңы нерселерди билип алуу, экология тармагында өз билимиңерди сынап көрүү жана ата мекендик хэнд-мейд кол өнөрчүлөрдөн белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары - БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун “Жашыл БААУ” программасы БААУнун ыктыярчылык студенттик Жашыл клубу менен өнөктөштүктө.

Келиңиздер! Сиздерди көргөнүбүзгө кубанычта болобуз!

Дармарканын эрежелери:

  • Сиз кереги жок бирок жакшы абалдагы өз буюмуңуздарды иш-чарага алып келе аласыз - китептерди, кийим-кечени, аксуссуарларды, кооздук буюмдарды, оюнчуктарды, иштөөчү гаджеттерди жана башкаларды.
  • Биздин ыктыярчылар ал буюмдарыңыздарды баалоого жана БААУнун алмашуу банкноттторуна (сомдун аналогу) алмаштырууга жардам берет. Ал банкнотторду сиз иш-чаранын учурунда жаккан башка буюмдарга алмаштыра аласыз.
  • Эгер сиз алмашуу үчүн эч нерсе алып келбесеңиз, бирок сизге дармаркада кандайдыр бир нерсе жакса, анда сиз аны кымбат эмес баага сатып ала аласыз (100дөн 1000 сомго чейин реалдуу акчага)
  • Чогулган каражаттардын баары кайрымдуулук максатта жыйналууда!

<< Назад к списку