БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда дармарка жана эко-өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлдү

17 октября 2025

15-октябрда БААУда кол өнөрчүлөрдүн, эко-өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси жана Дармарка орун алды. Иш-чара БААУнун жарандык активдүүлүк борбору тарабынан “Жашыл БААУ” программасынын алкагында ыктыярчылык студенттик Жашыл клубу менен биргеликте уюштурулду.

Дармарка жана жарманке - бул БААУда жылына бир нече ирет өткөрүлгөн салтка айланган иш-чара. Бир чети биз пайдалуу экоадаттарды өнүктүрүп келебиз: Дармаркада буюмдарды алмаштырууга же сатып алууга болот. Чогулган каражаттардын баары кайрымдуулук максаттарда жумшалат. Экинчиден студенттерде, окутуучуларда жана кызматкерлерде Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү жана эко-азыктарды өндүрүүчүлөр менен таанышуу, кол менен жасалган уникалдуу буюмдарды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жаралды.

Өткөн иш-чаранын өзгөчөлүгү Эл аралык калдыктар күнүнө карата уюштурулган “Батарейкалар жана электрондук калдыктар” эко-челленджи болду. Ага катышкандар жагымдуу белектерге ээ болду. Белгилей кетсек, электрондук калдыктарды чогултуу боюнча эко-челлендж 15-октябрдан 15-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу кененирээк Жашыл БААУ жана Жашыл клубдун социалдык түйүндөрүнөн, ошондой эле БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун билдирмелеринен билип алсаңыздар болот.

Жарманке учурунда Kahoot оюну өткөрүлдү. Экология жана экологиялык жүрүм-турум боюнча суроолорго туура жооп берген анын катышуучулары белектерге ээ болушту. Мындан тышкары Дармарканын катышуучуларынын бири Евгения Постноваядан эко-викторина орун алды. Анын суроолоруна туура жооп бергендер да Евгениядан белектерди алышты.

Бул Дармаркада Кой-Таш айылынын Таш-Мойнок орто мектебинин окуучулары жана Бишкек шаарынын №13 мектебинин 9-классынын окуучулары катышты. Мектеп окуучулары БААУнун экологиялык иш-чараларына чоң кызыгуу менен катышышат. Бул жолу да алар жарманкеге катышуу үчүн гана келбестен, бир нече килограмм батарейка тапшырышты. Ал эми №13 мектептин окуучулары дармаркага алмашуу үчүн буюмдарды, ошондой эле кайра иштетүүгө чектерди жана электрондук калдыктарды ала келишиптир.

Кезектеги Дармарка декабрдын башында өткөрүлөт.

 

<< Назад к списку