БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУга окууга тапшырууга кантип даярдануу керек?

11 ноября 2025

БААУнун кабыл алуу сынактары башка ЖОЖдорго салыштырмалуу бир кыйла эрте башталат. Эмки жылы биринчи кабыл алуу сынактары 1-мартта, ал эми соңкусу июль айында өткөрүлөт. Ар бир абитуриентте сынактарды тапшырууга бир нече мүмкүнчүлүк бар. Андыктан биринчи жолку сынактан кулап калсаңыз, маанайды чөктүрбөңүз. Анткени сынактарды кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Азыр сынактарга олуттуу даярдыкты баштоого ыңгайлуу учур. Ага өз алдынча даярданууну каалагандар үчүн БААУнун сайтында бардык зарыл болгон маалыматтар бар: https://auca.kg/ru/admissions/. Сынактардын сынап көрүү маселелери төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://auca.kg/ru/auca_exams_prepare/.

Университетте абитуриенттерге окууга тапшырууга жардам бере турган 2 программа бар.

Алардын биринчиси – бул БААУнун Жаңы муун академиясы (ЖМА). Дал ушул тапта Full-Time жана Part-Time программалары боюнча жазгы семестрге студенттерди кабыл алуу жүрүүдө. Бул университеттик жашоонун бир бөлүгү болуп, окутуучулар жана студенттер менен таанышуу менен бирге окууга тапшырууга даярдануу үчүн сонун мүмкүнчүлүк.

Академиянын окутуу программасында:

  • Академиялык англис тили
  • Экинчи тил катары кыргыз жана орус тили
  • Математика
  • TOEFL тестине даярдоо

ЖМАга тапшыруу тууралуу кенен маалыматттарды төмөнкү баракчалардан билип алууга болот: https://auca.kg/ru/nga/ же Instagram: @nga_auca.

Ошондой эле байланышуу үчүн электрондук почта жана телефондор жеткиликтүү: nga@auca.kg, ‪+996 (312) 915 000 (кошумча номур 486), WhatsApp: ‪+996 220 118 243.

Документтерди тапшыруунун дедлайны: 2025-жылдын 19-декабры.

 

Даярдануу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк – бул БААУнун Мейкерспейсинин курстары. Угуучулар бир учурда 3 багытты же алардын бирөөсүн гана тандай алышат:

  • TOEFL PBT
  • эссе
  • математика.

Курстун узактыгы – эки ай.

Кенен маалымат БААУнун Мейкерспейсинин баракчаларында жеткиликтүү: @mldc.auca.kg и https://mldc.auca.kg, ошондой эле байланыш телефондору: ‪+996 502 915 022, ‪+996 550 915 022, ‪+996 312 915 022

<< Назад к списку