Кантип кыргызстандык Айперинин диссертациясы Оксфорддо экология тармагында жылдын мыкты эмгеги болду
12 ноября 2025
Limon.kg сайтында “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин 2023-жылкы бүтүрүүчүсү Айпери Стамбекова менен маек жарыяланды.
Айпери Стамбекова Оксфорддогу магистратураны артыкчылык диплому менен аяктаган. Анын диссертациясы эң жогорку упайга ээ болуп, жылдын мыкты эмгеги деп табылган. Сыйлык катары Оксфорд университетинде тажрыйба арттыруу жана эмгегинин үстүндө 2 ай иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле аны андан ары жарыялоого даярдоо менен алектене алат. Бул жыл сайын ыйгарылчу сыйлыкка 2 гана адам татыктуу болот. Андыктан бул Айпери үчүн анын эмгегин жана илимий потенциалын баалоо болду. Limon.kg`ге курган маегинде Айпери магистратурага тапшырууга даярдыгы тууралуу кеп куруп, ал тургай мотивациялык катынан үзүндүлөр менен бөлүшүп, долбоору Кыргызстанга кандай пайда алып келерин да айтып берди.

- Саламатсызбы, Айпери. Ийгилик сырыңыз менен бөлүшүүнү чечкениңиз үчүн рахмат. Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз: кайдан болосуз жана балалыгыңыз кайда өткөн?
- Саламатсызбы! Чакырууңуз үчүн рахмат. Менин атым Айпери Стамбекова. Мен Бишкекте төрөлүп-өскөм, окуучулук жылдарым да ушул жерде өттү. Жогорку класстарга чейин “Илим” мектебинде окуп, андан соң “Билимкана-Америкага” өттүм.
Ата-энем ар дайым менин ар тараптан өнүгүүмдү каалашчу. “Илим” мектеби ата-энем каалаган бардык талаптарга жооп берчү. Анткени анда логиканы, тилди жана сын көз-карашта ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө басым жасалчу. Андан соң менин англис тилин жана негизги сабактарды тереңдетилген таризде окушум үчүн ата-энем мени “Билимкана-Америкага” которду. Бул эл аралык чөйрөдө өнүгүүгө багытталган аң-сезимдүү чечим болгон.
- Кесип тандоо жөнүндө качан ойлоно баштадыңыз?
- Мен кичинекей кезимден эле кыялкеч жана көп нерсеге кызыгуучу болчумун. 10-11-класста окуп жүргөндө ата-энем менен келечекте эмне менен алектенеримди сүйлөшө баштадык. Ал кезде Кыргызстанда экология жаңыдан өнүгө баштагандыктан, бул мага абдан кызыктуу жана келечектүү тармактай көрүнчү. Биз бардык мүмкүн болгон университеттерди изилдеп көрүп, акыры БААУга токтолдук - ал кезде БААУ экологияны англис тилинде окуткан жалгыз университет болчу. Экскурсия жана программа менен таанышкандан кийин, бул чындап менин багытым экенин түшүндүм. Ошентип, мен “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетине тапшырдым.
- БААУга гранттык негизде тапшырдыңызбы же акы төлөп окудуңузбу?
- Тилекке каршы, мен акы төлөп окудум. Мектепте окуп жүргөн жылдарымда эң жакшы бааларга ээ болсом да, ЖРТ сынагынан алтын сертификат ала алган жокмун. Бир нече упай гана жетпей калган.
Бирок университетте окууда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болдум. Мен бакалавриат программасын артыкчылык диплому менен аяктадым жана америкалык система боюнча 3.93 упай чогулттум (GPA). Университеттин жашоосуна да активдүү катыштым: насаатчы болуп иштедим, студенттерге жардам бердим, БААУда экологиялык долбоорлордо тажрыйба арттырдым жана ыктыярчы болдум.
Мен үчүн эң маанилүү долбоор SIDP демилгесинин алкагындагы жеке долбоор болду. Биз өзүбүз өтүнмө берип, каржылоого ээ болдук жана өз идеяларыбызды ишке ашырдык. Менин долбоорум мектеп окуучуларын экологиялык жактан агартууга багытталган. Долбоордун алкагында орто мектептерде лекцияларды өткөрдүк, адам менен аны курчап турган табият менен байланышын айтып бердик жана балдарга таштандыларды илгөөнү үйрөттүк.

- Билим алууну улантуу жана Оксфордго окууга тапшыруу тууралуу качан ойлоно баштадыңыз?
- Чынын айтсам, бакалавриаттын башында мен түз эле магистратурага өтүүнү максат кылган эмесмин. Мен практикалык тажрыйба топтоп, эл аралык долбоорлордо иштегим келди. Окууну аяктагандан кийин бир жыл бою тажрыйба арттыруулар жана программаларга активдүү катыштым.
Оксфорд менин бала кездеги кыялым болчу, бирок көп убакыт ишке ашпай тургандай сезилди. Бул тууралуу Англияда окуган агама айткандан кийин баары өзгөрдү. Ал менин резюмемди, окуу жыйынтыктарымды жана долбоорлорум менен таанышып: “Сенде бардык мүмкүнчүлүк бар” деди. Дал ошол учурдан баштап менин Оксфордго сапарым башталды десем жаңылышпайм.
– Айтсаңыз кабыл алуу процесси кандай өттү?
– Мен агам экөөбүз эч кандай ортомчу жок баарын өзүбүз жасоону чечтик. Биз жөн гана Оксфорддун расмий сайтына кирип, программаларды жана талаптарды карап чыгып, менин кызыкчылыктарыма туура келген багытты тандап алдык.
Негизги критерийлер - күчтүү академиялык даярдык, үч сунуш кат жана мотивациялык кат. БААУ бул жагынан абдан жардам берди, анткени университет эл аралык стандарттарга жооп берген америкалык дипломду берет эмеспи.
Сунуштамалар үчүн мени студент катары эле эмес, адам катары да билген профессорлорду тандадым. Система сунуштама кат түз жөнөтүлүп, студент аларды көрбөй тургандай иштелип чыккан. Жана, албетте, негизги элемент мотивациялык кат болду. Анда жетишкендиктерди гана эмес, жеке окуяны жана ички мотивацияны көрсөтүү да маанилүү.
- “Эмне үчүн Оксфордду тандадыңыз?” деген суроого кандай жооп бердиңиз?
- Мен катты төрт бөлүккө бөлдүм. Мен мотивациянын маңызын чагылдырган сөздөрдү бөлүп алдым: чынчылдык, уникалдуулук, кызыгуу жана демилгечилдик.
Башында мен өзүмдүн жеке окуям менен бөлүштүм – балалыгым жана кичинекей кезимден бери жаратылышка канчалык жакын болгонум, Ысык-Көлгө болгон сапарларым, айлана-чөйрө менен байланышта болгонум жана бул менин тандоомо кандай таасир эткени тууралуу айтып бердим.
Менин оюмча Кыргызстан жаратылыш менен тыгыз байланышта жашаган өлкө жана мен муну баса белгилегим келди.
Андан кийин мен академиялык жетишкендиктер жана жеке сапаттар жөнүндө баяндап бердим - анткени дал ошолор ийгиликке жетүүгө жардам берет.

– Мотивациялык катыңыздан үзүндүлөр менен бөлүшө аласызбы?
– Кубануу менен бөлүшөм. Мына менин мотивациялык катымдан үзүндүлөр.
1-вариант: жаратылыш менен жеке байланыш, экологиялык кабатырлануу жана иш-аракет үчүн ички мотивация. «Every summer since I was five years old, my family would drive 6 hours into the mountains to visit my cousins in Lake Issyk-Kul... I am afraid that given the way things are developing, future generations in Kyrgyzstan — and the world — will be left with a much bleak picture... Despite the gravely worrying trends, I earnestly believe we can reverse course and set our economy and society on a sustainable environmental path through public education, community engagement, and resolute environmental policy».
2-вариант: практикалык тажрыйба жана лидерлик. «With the help of a university grant, I taught over 300 middle-school students foundational ecological topics, such as explaining climate change and what it means for them, and led more practical workshops on recycling... I have also co-founded a ‘Green Club’ society on campus, with the goal of creating a welcoming educational environment and improving sustainability on campus... From all these experiences, I carried away public communication, community organization, and leadership skills».
3-вариант: магистратураны аяктоо жана келечекке максат: «After finishing my MSc in Environmental Change and Management, I would like to return to Kyrgyzstan and contribute to the development of environmental management, particularly in water resource management and sustainable agriculture... I aim to work for government agencies and international organizations, with the aspiration to promote sustainable agricultural practices and general environmental conservation through rigorous environmental policy, community engagement, and public awareness in Kyrgyzstan and Central Asia»
– Магистратурага бакалавриаттагы багыт боюнча эле тапшырдыңызбы?
– Ооба, бирок программа кеңири болгон – “Курчап турган айлана-чөйрөнү өзгөртүүлөр жана башкаруу”.
– Каржылык колдоого өтүнмө бергенсизби?
– Оксфордго тапшырганыңызда сизди автоматтык түрдө ички гранттарга карашат.
Мен колледжимден колдоо алып, стипендия утуп алгам. Ошондой эле президенттик “Эл үмүтү” стипендиясына өтүнмө бергем.
– Бул программа тууралуу кыскача айтып берсеңиз.
– “Эл үмүтү” Кыргызстан үчүн чоң жаңырык деп эсептейм. Бул программа студенттерге сапаттуу билим алууга реалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бул мен үчүн өзгөчө маанилүү болду. Мен бардык критерийлерге жооп бердим: университет ТОП-50 окуу жайдын катарына кириши керек, мыкты академиялык бэкграунд зарыл, артыкчылык диплому жана долбоорлорго катышуу. 50 миң доллар өлчөмүндө стипендия мен үчүн чоң жардам болду.
Программанын шарттары боюнча кайтып келип мамлекеттик органдарга иштөө же каражаттарды компенсациялоо керек. Мамлекет ушундай жол менен адистерди кайра өз жерине тартат.

- Оксфордго окууга тапшыруу процессинин эң татаал бөлүгү кайсы болду?
- Менимче маалыматтын жоктугу жана тажрыйбамдын аздыгы. Бул менин алгачкы тажрыйбам эле, анын үстүнө окууга тапшыруу системасы биздикинен такыр башкача болчу. Документтерди кантип толтурууну, мотивация каттарын жазуу жана аларды жөнөтүүнү билүү үчүн көп убакыт короттум.
– Эң көп убакытты эмнеге короттуңуз жана азыр эмнени башкача жасамаксыз?
- Мен жөн гана сабырдуу болуп, сайтты кылдат изилдеп чыгууну кеңеш берет элем - анда сизге керектүү бардык маалыматтар бар. Мындай абал биринчи жолу башыңа түшкөндө ишенимсиздик пайда болот: ал жактагылардын баары көбүрөөк билет жана акылдуураак. Натыйжада өзүңүздөн шектене баштайсыз: сиз баарын туура кылып жатасызбы, негизи эле окууга тапшыра аласызбы?
Айтор ишенимсиздик негизги тоскоолдук болду. Мен мотивациялык катымды жөнөткөнүмдө да критерийлерге жооп бере албадым деп кооптончумун. Бирок мени кабыл алгандан кийин курстун директору менен жолукканда, ал абдан маанилүү нерсени айтты: алар үчүн бул жөн эле академиялык бөлүк гана эмес, талапкердин инсандыгы да маанилүү.
Бул мен үчүн чоң мотивация болду. Көптөгөн адамдар Оксфордго көп жылдар бою даярданышат, бирок мен болгону максатымды көздөп, колумда болгон нерселердин бардыгын пайдаланып калдым. Көрсө, сиздин жетишкендиктериңиздин масштабы эмес, сизди өзгөчө кылган нерсе маанилүү экен. Андыктан эң негизгиси чечкиндүү болуңуз, өзүңүзгө ишениңиз жана өз жөндөмүңүздөн шектенбеңиз.
– Программа канча убакытка созулду?
– Улуу Британияда магистратура 1 жылга созулат. Мен аны ийгиликтүү аяктадым.
– Окууңузду кандай жыйынтыктар менен аяктадыңыз?
– Оксфорддон жыйынтык жакында эле келди – магистратураны артыкчылык менен аяктадым. Диссертациям эң жогорку бааны алып, жылдын мыкты эмгеги деп табылды. Сыйлык катары диссертациямды илимий басылмага жарыялоого даярдоо үчүн эки айга Оксфорд университетине чакырылдым.
Мындай мүмкүнчүлүктү жылына эки гана адам алат, андыктан бул мен үчүн чоң жетишкендик.

– Программанын өзү жөнүндө айтып берсеңиз. Оксфорддо окуу кандайча түзүлгөн?
– Билим алу абдан каныккан болду – эки жылдык программа бир жылга камтылат. Негизги басым өз алдынча окууга бурулат. Ал жерде сага эч ким эч кандай көмөк бербейт – маалыматты өзүң изилдеп, түшүнүп, талдооң керек. Ошол эле учурда бизде жума сайын милдеттүү түрдө лекциялар жана көп сандаган өз алдынча тапшырмалар болор эле.
Мен үйрөнгөн эң негизги нерсе - дайыма сын көз-карашта ой жүгүртүү менен иштөө. Биз бир нече варианттары бар тесттерди жазган жокпуз; биз реалдуу учурларды талдап, чечүү жолдорун издедик жана ыкмаларды талкууладык.
Оксфорд чындыгында аналитикалык жана изилдөөчүлүк ой жүгүртүүнү өнүктүрөт.
Практикалык сабактар менен сапарга чыгуулар көп болду, өзгөчө менин экология боюнча адистигимдин алкагында.
– Окутуу конкреттүү түрдө кандай түзүлгөн?
– Менин программам коомдук илимдерге көбүрөөк байланыштуу. Биз адамдардын жаратылыш менен кандай өз-ара аракеттенерин, алардын ишмердүүлүгү айлана-чөйрөгө кандай таасир тийгизерин жана экосистемаларды өнүктүрүү менен сактоонун ортосундагы балансты кантип табууга болоорун изилдедик. Бул жөн эле таштанды жана кайра иштетүү жөнүндө эмес, бул социалдык-экономикалык процесстер жана туруктуу өнүгүү жөнүндө.

– Эң мыкты деп тандалган диссертацияңыз эмне жөнүндө?
– Менин диссертациям суу ташкындары боюнча болчу. Мен үч аспектини бириктирген теориялык негизди иштеп чыктым: калктын аярлуулугу, табигый кырсыктар учурундагы байланышуу жана суу ташкынынын өзү.
Бул нерселер адатта өзүнчө каралат, бирок мен аларды бир үлгүгө байланыштырууну сунуштадым. Мисалы адамдар билбей туруп, суу каптоо коркунучу бар жерлерге үй салышат. Тобокелдиктерди талдоочу, коомчулукту ыкчам эскерткен жана калктын аярлуу катмарын — улгайган адамдарды, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана башкаларды эсепке алган системанын болушу маанилүү. Менин ишим бул элементтерди бир чынжырга бириктирүүгө багытталган — талдоодон байланышка чейин.
– Изилдөөңүздүн максатын бир мисал менен түшүндүрүп бере аласызбы?
– Элестеткиле, Кыргызстандын бир облусунда мөңгүлөрдүн эришинен жана туруксуз жаан-чачындан улам жыл сайын суу ташкындары күч алат. Адамдар эгиндерин, үйлөрүн жана суу булактарын жоготуп жатышат. Мындай кырдаалда, мен сыяктуу айлана-чөйрөнү өзгөртүү боюнча менеджер бүт процессти талдайт: климаттык үлгүлөрдүн жана суу агымынын маалыматтарынан баштап, жергиликтүү жамааттарга социалдык таасирлерге чейин. Бул маалыматтардын негизинде биз атайын адаптациялоо чараларын сунуштайбыз. Мисалы, жаратылышты коргоо ыкмаларын ишке ашыруу (токой тилкелерин калыбына келтирүү, дарыя жээктерин өсүмдүктөр менен турукташтыруу) жана эскертүү системаларын жакшыртуу. Негизинен менин кесибим илимди, маалыматтарды жана адамдарды байланыштырат. Биз илимий божомолдорду коомчулуктарга климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга чындап жардам берген саясаттын жана чечимдердин тилине айлантабыз.

– Окуу учурунда кандай заманбап технологияларды колдондуңуз?
– Биз QGIS программасында спутниктик сүрөттөр жана геомейкиндиктик маалыматтар менен иштедик. Бул ландшафттын өзгөрүүлөрүн аралыктан туруп талдап, келечектеги божомолдорду түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Экономикалык анализ үчүн статистикалык маалыматтарды да колдондук. Мунун негизинде коркунучтуу аймактарды аныктоого жана суу ташкынынын алдын алуу үлгүлөрүн түзүүгө мүмкүн.
– Кыргызстанга кайтып келүү жана иштөөнү пландап жатасызбы?
– Мен Кыргызстанга кайтып келгем. Учурда Оксфорд университетинде эки айлык убактылуу ишим бар, эмгектеримди жарыялоонун үстүндө онлайн иштеп жатам. Андан соң карьерамды улантып, алган билимимди мекенимде колдонууну пландап жатам.
– Оксфорддо магистратураны кантип артыкчылык диплому менен бүтүрдүңүз, чынында бул баарынын эле колунан келбейт?
– Артыкчылык диплому менен бүтүрөм деген максат болгон эмес, мен жөн гана колумдан келишинче баарын максималдуу түрдө жакшы жасаганга аракет кылдым. Бул жерде убакытты башкаруу маанилүү. Мен ар дайым тапшырмаларды алдын ала аткарчумун жана эч качан кийинкиге калтырчу эмесмин. Ушунун аркасында уйкусуз түндөрдү өткөргөн жокмун, окууга да, активдүү жашоого да жетиштим. Мен профессорлор менен көп баарлашып, темаларды талкууладым жана академиялык талкууларга катыштым — бул мага материалды жакшыраак түшүнүүгө жардам берди. Мен бакалавриатта окуп жүргөндө эле эссе жазуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөм жана алар абдан жардам берди. Менин оюмча, менин “колуңдан келген нерселердин баарын аткар, ал эми жыйынтык өзү эле келет” деген принцип ийгиликке жетишүүгө жардам берди.

– Биз кандайдыр-бир “жашыруун формула” жөнүндө угабыз деп күткөнбүз.
– Жашыруун формула? Кыязы, менде создуктуруу, кийинкиге калтыруу деген болгон жок. Мен баарын алдын ала жасачумун — кээде эки ай убакыт берилген эссени бир жума мурда , атүгүл он күн калганда тапшырчумун. Бул менин жашыруун формулам болсо керек.
Мен баш аламан адам эмесмин. Менде дайыма түзүм, жүгүртмө жана тартип бар. Мен баары системалуу болушун жакшы көрөм.
– Адатта кандай пландаштырасыз – кагазга жазып алуу, эскертүүлөрдү коюу же башка?
– Туура таптыңыз (күлүп). Ооба, мен ар дайым баарын кагазга түшүрөм. Оксфорддо мен лекция учурунда кол менен жазып отурган аз сандаган студенттердин бири болсом керек. Башкалардын баары ноутбукка терип жатышса, мен өз колум менен кагазга жазып алчумун. Мен үчүн мындай нерселерди эстеп калуу оңой. Кол менен жазганда маалымат жакшы сиңип, эс тутумда сакталат.
Негизи Оксфорддо академиялык бөлүк гана эмес, ошондой эле коомдук ишмердүүлүк да кубатталат. Университет студенттерди көбүрөөк коомго аралашууга, билим жана тажрыйба менен бөлүшүүгө үндөйт. Мага окуу жайдын жылуу атмосферасы жана жайлуулугу жакты. Адамдарга ачык болуп, жаңы адаттарды үйрөндүм.
– Оксфорд байланыштар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат? Кандайдыр бир иш-чараны эстей аласызбы?
– Студент менен мугалимдин өз ара аракеттенүүсү үчүн атайын көптөгөн иш-чаралар болду. Биз башынан расмий эмес шартта бири-бирибиз менен таанышуу үчүн пабга чогулуп турчубуз. Ал жерде чай же кофе ичип отуруп, окуубузду талкуулап, жөн эле сүйлөшүп отурчубуз. Жыл бою бизде эч кандай тоскоолдук болгон жок; профессорлор менен ээн-эркин баарлашып турдук. Алардын арасында экологияга эбегейсиз зор салым кошкон жана өз теорияларын иштеп чыккан инсандар болгон.
Оксфорддо окуп жүргөндө изилдөөлөрү жана идеялары экологиялык маселелерге болгон мамилебизди өзгөрткөн көрүнүктүү эксперттерден үйрөнүү бактысына ээ болдум. Оксфорддун курчап турган чөйрөнү өзгөртүү институтунун директору Michael Obersteiner глобалдык туруктуу өнүгүү жана климаттын экономикасы боюнча иши менен белгилүү. Kate Raworth "Токоч экономикасы" концепциясынын автору, экономикалык өсүш планетанын экологиялык жана социалдык чегине туура келген жаңы үлгүнү сунуштады. Профессор Майлс Аллен заманбап климаттык келишимдердин негизин түзгөн “көмүртек бюджети” концепциясын иштеп чыккан дүйнөдөгү эң алдыңкы климат таануучулардын бири. Профессор Sam Fankhauser – көп жылдарын адилеттүү энергетикалык өткөөл саясатты иштеп чыгууга сарптаган экономист. Анан албетте Авидеш Синат, профессор жана изилдөөчү, анын климаттык тобокелдиктерди үлгүлөө жана суу ташкындарын башкаруу боюнча иши туруктуу адаптация стратегияларын иштеп чыгууга олуттуу салым кошот.
Ал эми эң жакшы жери – сый-урмат атмосферасы. Эч ким каталар жана кемчиликтерге көңүл бурбайт, баары колдоп турушат. Группабызда ар кайсы өлкөлөрдөн келген жыйырмадай студент бар эле, азыр да кабарлашып турабыз.

– Демек, адаптация жеңил болдубу?
– Абдан жеңил. Мынчалык ыңгайлуу болот деп күткөн эмесмин.
– Турак-жай жагы кандай болду? Кампуста жашадыңызбы?
– Оксфорддо 38ге жакын колледж бар жана алардын ар бири өз студенттерин турак-жай менен камсыздайт. Мага дагы бир бөлмө берилди. Мен турган имаратка 700 жылдай болгонуна карабастан, баары ыңгайлуу жана жакшы ойлонуштурулган болчу. Ысык жана муздак суу эки башка түтүкчөлөрдөн чыкканын эске албаганда . Бирок мен үчүн бул тарыхтын бир бөлүгү эле, андыктан жылмаюу менен кабыл алдым.
– Башында башты ооруткан эң оор нерсе эмне болду?
– Алгачкы күндөр болсо керек. Мен жалгыз келдим, жанымда жакындарым жок, баарын өзүм жасадым– катталуу, транспорт, иш кагаздары. Мен буга чейин эч качан поездге түшкөн эмесмин. Бирок бара-бара көнүшүп кеттим. Албетте, баалар адегенде таң калтырды, бирок чыгымдардын бир бөлүгү Оксфорддун стипендиясы тарабынан жабылса, ал эми калган бөлүгүн тең салмактап алса болот турган — студенттер үчүн арзандатуулар, акциялар жана жеңилдиктер жок эмес эле.
– Чет өлкөдө ыңгайлашууга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эң негизгиси - стресске туруктуулук. Жаңы өлкө, маданият, акцент, ушунун баары - стресс. Бирок аны окуу процессинин бир бөлүгү катары кароо маанилүү. Мен мунун баарын токтоолук менен кабыл алдым: ооба, кыйын, бирок үйрөнүп жатам. Бул мага тең салмактуулукту сактоого жардам берди.

– Өлкөнү кыдырып чыгууга мүмкүнчүлүк болдубу?
– Окууга да, саякаттоого да жетиштим. Англиянын ар кайсы шаарларында болдум, Шотландияга бардым, департаментибиз менен бирге Бельгияга да барып келдик. Брюсселде Европарламентте болуп, адистер менен жолугуштук. Бул абдан баалуу тажрыйба болду.
– Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Англияга кайра баргыңыз келген жокпу?
– Баргым келди. Алгачкы үч аптада өзүмдү жомоктон чыгып кеткендей сездим. Оксфорд чынында өзгөчө атмосфера: салттар, дресс-код менен кечки тамактануулар, байыркы архитектура. Мунун баары шыктандырат. Бирок биздин профессорлор бизге “Оксфорддон суурулуп чыга алышыңар керек” деп айтышчу, анткени бул ыңгайлуу аймак сыяктуу, оңой сүңгүп кирип, көпкө калып калуу мүмкүн.
Мага докторантурага баруу мүмкүнчүлүгү сунушталды, мен аны карап жатам. Балким, келечекте дагы окууну улантам.
– Баса, ал жакта Кыргызстандан дээрлик эч ким жок экенин айттыңыз эле?
– Ооба, мен бир гана адамды жолуктурдум – Салижан Кылычбеков, ал Оксфорд университетинде докторлук диссертациясын жактайт. Белгилей кетчү нерсе, учурда казакстандык бир кыз экөөбүз Борбордук Азиядан чыккан Оксфорддун бүтүрүүчүлөрүнүн коомчулугун түзүүнү пландап жатабыз. Максат - биригүү, тажрыйба алмашуу жана абитуриенттерге жардам берүү. Биз сыяктуулар көбөйүп баратат, бул кубандырбай койбойт. Оксфорд университетине тапшырып жаткандарга жардам берүүгө даярмын. Ар дайым байланыштамын.

– Билим алуудан тышкары эмне менен алектенесиз?
– Мен музыкалык мектепти фортепиано боюнча бүтүргөм – музыка менин эң негизги кызыгуум бойдон калууда. Фортепианодо ойногондо тынчтанып, тең салмактуулукту табам. Мен йоганы да жакшы көрөм; бул мен үчүн эс алуунун жана кубат алуунун бир жолу. Мен Оксфорддо кайыкта сүзүп көргөм, бул университеттин салттуу спорту жана мага абдан жакты.
– Учурда магистратурада окууга даярданып жаткандарга эмнени сунуштайт элеңиз?
– Мен эрте баштоону сунуштайм — биринчи курстан баштап кайда баргыңыз келгенин аныктап, ошол максатка жетүү үчүн иштөөнү сунуштайм. Англис тилин үйрөнүү, эл аралык диплом алуу, долбоорлорго катышуу жана тажрыйба алуу абдан маанилүү. Мен ар дайым өзүмдү угуу жана мени чындап кызыктырган нерсеге умтулуу принцибин кармандым. Чындап жүрөккө жаккан нерсе менен алектенгенде гана мотивация да, натыйжа да пайда болот. Академиялык жакка келсек, ар дайым жогорку деңгээлге умтулуу жана резюмеңизди өнүктүрүү керек.
– Студенттерге пайдалуу кандай платформаларды жана ресурстарды сунуштайсыз?
– Бакалавриатта окуп жүргөндө мен Coursera боюнча курстарды, анын ичинде Оксфорддон бекер курстарды алдым. Окуу жана талдоо жөндөмдөрүмдү өнүктүрүү үчүн мен Google Scholar жана ResearchGate'ди көп колдончумун жана TED баяндамаларынан шыктануу алдым. Улуу Британияда окууну пландап жаткандар үчүн мен Chevening, Rhodes, Weidenfeld-Hoffmann жана Oxford Pershing Square типендияларын карап көрүүнү сунуштайм. Жана LinkedIn'де бүтүрүүчүлөр менен байланышууну унутпаңыз — алар ар дайым кеңеш берүүгө жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр.

– Кыргызстандын жаштары үчүн дагы кошумчалай турган нерсеңиз барбы?
– Айтайын дегеним: арыз берүүдөн коркпогула. Эмнегедир биздин өлкөлөрдөн, өзгөчө Кыргызстандан кабыл алуу эле эмес, өтүнмөлөр өтө аз түшүп жатат. Адамдар көбүнчө өздөрүнө алдын-ала тоскоолдуктарды коюп алышат – баары бир өтпөйм деп жада калса аракет да жасап көрүшпөйт.
Мен да өтүнмөмдү карабайт деп ойлогом. Бирок баары ойдогудай болду, эң негизгиси тобокелчиликке баруу, өзүңүзгө ишенүү жана аракет кылуу экенин түшүндүм.
Ал жерде биз дагы көп болсок дейм. Анткени, Оксфорд бүткүл дүйнө жүзүндөгү студенттердин өз-ара иштешүүсү үчүн уникалдуу шарттарды түзөт. Биздин тайпада Англиядан, АКШдан, Кытайдан, Кореядан жана Европанын башка өлкөлөрүнөн келген студенттер бар болчу жана баары Кыргызстан жөнүндө билүүгө кызыктар эле.
Мен аларга жаратылышыбыздын сүрөттөрүн көрсөткөнүмдө, алар шыктануу менен карап, бул жакка сөзсүз келерин айтышты. Алсак, бир нечеси жакында биздин өлкөгө келүүнү пландап жатышат. Мен дүйнө коомчулугунун Кыргызстанды жакшы таанып-билүүсүн абдан каалайм.

– Жакынкы жылдарга кандай пландарыңыз бар?
– Азырынча Кыргызстанда иштеп, алган билимимди ушул жерде колдонгум келет. Албетте, мага Англиядан сунуштар түшүп жатат жана мага LinkedIn аркылуу көп билдирүүлөр келип турат. Бирок мен үчүн өлкөмө пайда алып келүү маанилүү.
–Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!