Эверестти багындырган туңгуч кыргызстандык университетте студенттерге лекция окуду
29 января 2026

БААУда 2026-жылдын 27-январында дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверестти багындырган Эдуард Кубатов студенттерге лекция окуду.
Лекцияны “Жалпы билим берүү программалары” департаменти уюштуруп, модераторлук милдетти профессор, илимдердин доктору Чолпон Турдалиева аркалады.
Эдуард Кубатов уникалдуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, альпинизм менен алектенген жылдарда алган сабактары тууралуу айтып берди. Анын капчыгында 52 ийгиликтүү багынтуу жана ондогон экспедициялар болуп, алардын ар бири эрк, мүнөз жана командалык дух үчүн чоң сыноого айланган.
Студенттердин алдында сөз сүйлөп жатып, конок Эверестти багынтуу анын жашоосундагы бурулуш мезгил болгонун белгиледи. “Эверест мени таанытып, коомдук кишиге айлантты. Мындай өзгөрүүлөр үчүн мен ага ыраазымын. Бирок мен бүгүн К2 жана Аннапурна чокулары тууралуу айтуу маанилүү деп эсептейм”,- деди альпинист.
Лекция жылуу жана эмоциналдуу атмосферада өтүп, аудиториянын жандуу кызыгуусун жаратты. Эдуард Кубатов чакыруу үчүн университетке ыраазычылык билдирип, студенттер менен жолугушуу тууралуу чакырууларды кубануу менен кабыл аларын айтты.
Иш-чаранын негизги бөлүгүнөн кийин студенттерде суроо узатуу мүмкүнчүлүгү туулду. Белгилүү альпинист менен баарлашуу жаштар үчүн мотивация жана шыктануунун баалуу булагы болду.
Эдуард Кубатов менен жолугушуу жаркын таасирлерди калтырып, ийгилик сырларынын жеке баяндары жаңы чокуларды багынтууга шыктануунун үлгүсү болуп калды.



