БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Сыйкырдуу квадраттар: байыркы замандан тарта бүгүнкү күнгө чейин

2 февраля 2026


Өткөн аптада БААУда мектептердин математика мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабактар өткөрүлдү. Анын уюштуруучулары - БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети.
“Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Капарович Кыдыралиев сыйкырдуу квадраттар жөнүндө кеп курду.
Сыйкырдуу квадраттар - байыркы математикалык маселелердин бири. Байыркы Кытайда “Ло Шу” деген сыйкырдуу квадрат белгилүү болуп, уламышка ылайык, Хуанхэ дарыясынан сүзүп чыккан ыйык таш баканын ташында жазылуу болгон. Анда горизонталдык, вертикалдык жана диагоналдык катардагы сандардын суммасы 15ке барабар болгон. Ал эми так ортодогу 5 саны жерди символдоштурган.
Сыйкырдуу квадраттар жада калса Байыркы Египет, Индия, Византия жана араб өлкөлөрүндө кездешкен. Орто кылымдарда алар Европада өзүнүн заманбап атын алып, ар кандай тармактарда кенен колдонулган. Мисалы аларды тумар же коопту мекемелерде жардамчы катары пайдаланышкна. Ошондой эле алардын сапаттары алхимиктер менен астрологдордун эмгектеринде сүрөттөлгөн.
Бүгүнкү күндө сыйкырдуу квадраттар өз аталышын сактап гана тим болбостон, сандардын теориясынан тарта кванттык физикага чейин илимдин ар кандай чөйрөлөрүндө кеңири колдонулуп келет.
Сыргак Капарович бет ачарында сыйкырдуу квадраттардын касиеттери тууралуу айтып, аларды түзүүнүн ар кандай жолдорун көрсөтүп берди. Адаттагыдай эле теория практикалык маселелер менен бекемделип, сабактын катышуучулары талдоо жолу менен аларды түзүүнү үйрөнүштү.
Усулдук сабактын методикалык колдонмолорун даярдоого Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровалар катышты.

 

<< Назад к списку