БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Виктория 2026

12 февраля 2026

#европоведение#LAS#es

ВИКТОРИЯ сынагы Кыргыз Республикасынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн, ошондой эле орто билим алгандыгы тууралуу аттестаты бар БААУнун “LAS Европа таануу” бакалаврдык программасы боюнча билим алууну каалаган 22 жашка чейинки жаштарынын арасында Европалык реалдуулуктар боюнча билимди текшерген сынак.

Сынактын программасына Европа Биримдигинин географиясы, искусствосу, тарыхы, адабияты жана саясаты боюнча суроолор киргизилген. Ар бир катышуучу онлайн каттоодон өтүүсү керек. Сынак БААУнун компьютердик класстарында өткөрүлөт. Сынактын жеңүүчүлөрү билим алуу үчүн чоң арзандатууларга ээ болот.

 

Виктрия 2026 сынагынын маанилүү даталары:
 
Каттоонун башталышы: 12-февраль 2026-жыл
Каттоонун аякташы: 12-март 2026-жыл, 18:00
Сынак өтүүчү күн: 15-март 2026-жыл, эртең менен 9:00дө


Сынакка каттоо: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSe7srTA2cgx__O0h-WAgYnknAr2C9Qmizsoti3mXEB7P9-Jyg/viewform. 

Өтүнүч жыл сайын өтүүчү VICTORIA сынагынын Жобосу менен жакшылап таанышып чыгыңыздар.

Сынактын жеңүүчүлөрү LAS-Европа таануу факультетинде билим алуунун бардык мезгили үчүн арзандатууларга ээ болушат.

  • Бир 1-орун үчүн - LAS-Европа таанууда 8 семестр билим алуу үчүн 100% арзандатуу
  • Эки 2-орун үчүн - LAS-Европа таанууда 8 семестр билим алуу үчүн 60% арзандатуу
  • Үч 3-орун үчүн - LAS-Европа таанууда 8 семестр билим алуу үчүн 40% арзандатуу
Кошумча маалымат сынактын баракчасында: https://auca.kg/ru/es_victoria/

<< Назад к списку