БААУ 14-февралдагы Ачык эшиктер күнүнө чакырат
13 февраля 2026

БААУ абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн өз эшиктерин 14-февралда саат 12:00дө ачат. Эгер сиз университетти ичинен көрүп, студенттер менен баарлашып, окууга тапшыруу боюнча кызыктырган суроолоруңузга жооп алгыңыз келсе, анда бул күн сиз үчүн.
Иш-чаранын алкагында БААУнун президенти Тимоти О’Коннор эл алдына чыгып сөз сүйлөйт. Катышуучулар ага университетте билим алуу жана келечектеги билим берүүнүн перспективалары жөнүндө суроолорду узата алышат.
Конокторду кампус боюнча экскурсия, окуутучулар жана студенттер менен жолугушуулар күтөт. Маалыматтык сессиялар учурунда бакалавриат жана магистратура программалары тааныштырылат, каржылык колдоолор тууралуу айтылат жана Эл аралык студенттердин алмашуу программалары жөнүндө маалыматтар берилет. Мындан тышкары студенттер кабыл алуу сынактары, документтерди тапшыруу мөөнөттөрү жана абитуриенттер үчүн талаптарды билип алышат. Күн студенттик “Миррорс” театрынын чакан шоу-программасы менен жыйынтыкталат. Коноктор университеттин чыгармачыл атмосферасына сүңгүп кирип, театрдын эң жаркын номерлерине күбө болушат.
Кантип катышса болот?
Датасы: 14-февраль
Убактысы: 12:00
Өтүүчү жайы: Борбордук Азиядагы Америка университети
Каттоо милдеттүү: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdGcIMSbzyfPKOM1aCwh4zTW2FEcBQAzwPCVG_fniaxhOrd3Q/viewform
Өткөрүп жибербеңиз! Сиздерди БААУда төмөнкү дарек боюнча күтөбүз: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6!