Филип Джессап атындагы Эл аралык укук боюнча сынак
17 февраля 2026

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Юридика факультетинин командасы Филип Джессап атындагы Эл аралык укук боюнча абройлуу сынактын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук тандоо баскычында биринчи орунду ээледи жана эми Вашингтондо (АКШ) өтүүчү Эл аралык раунддарда Кыргызстандын намысын коргойт!
Борбордук Азиялык тандап алуу баскычы 6-8-февраль күндөрү Ташкентте өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын мыкты командалары дүйнөлүк баскычка жолдом алуу үчүн күч сынашышты.
БААУнун курамы:
Акбар Айтемиров (3-курс)
Севинч Муминбекова (3-курс)
Айжазбууче Бекболотова (2-курс)
Ширин Шакирова (2-курс)
Команданын машыктыруучулары: Бегайым Сейитбекова жана Боленат Дутта.
Мелдештин жыйынтыгында БААУнун командасы Кыргызстандын окуу жайларынын арасында биринчи орунду камсыздады жана Кыргызстандын ЖОЖдордун арасында мыкты жазма меморандум үчүн сыйлыкка арзыды.
Philip C. Jessup International Law Moot Court Competition - юридика факультеттердин студенттери үчүн Эл аралык укук боюнча дүйнөдөгү эң ири жана абройлуу сынак. Ага жыл сайын 100дөн ашуун өлкөдөн 700дөн ашуун студенттер катышат. Сынак БУУнун Эл аралык сотунда талаштарды кароону үлгүлөйт жана жазма меморандумдар менен оозеки соттук чыгууларды даярдоону камтыйт.
“Мындай деңгээлдеги Эл аралык сынактарга катышуу - бул студенттер үчүн глобалдык аренада өзүн көрсөтүүгө жана дүйнө жүзү боюнча жаш юристтердин кесипкөй коомчулугунун бир бөлүгү болууга мыкты мүмкүнчүлүк. Биздин БААУнун командасы менен чын дилибизден сыймыктанабыз. Алардын жеңиши - талыкпаган эмгектин, мыкты академииялык даярдыктын жана чыныгы командалык духтун натыйжасы. Эми алар Вашингтондо кыргыздын намысын татыктуу түрдө коргойт деп ишенебиз. Аларга бекем ишеним, жаркын чыгууларды жана жаңы жеңиштерди каалайбыз”,- деп билдиришти университеттен.
БААУнун командасы аталган Эл аралык сынакка өткөн жылдын сентябрь айынан тарта юриспруденция тармагындагы жогорку квалификациялуу профессорлордун жетекчилиги астында даярданып башташкан. Даярдык көрүү процессинде студенттер окуу учурунда алган билимдерин тереңдетишип, кенен юридикалык адабияттар менен илимий макалаларды иликтешкен. Натыйжада алар кесипкөйлүк ыкмаларын жакшыртып, татаал юридикалык маселелерди ийгиликтүү чече алышкан.
Белгилей кетсек, БААУ беш жылдан бери борборазиялык баскычтарда лидерлик орундарды ээлеп, Кыргызстандын намысын Эл аралык раунддарда ийгиликтүү коргоп келет. Мындай көрсөткүчтөр студенттердин даярдыгынын жогорку деңгээлинен жана БААУнун юриспруденция факультетинин академиялык күчүнөн кабар берет.
Ушул тапта команда АКШда 28-марттан 4-апрелге чейин өтүүсү күтүлүп жаткан Эл аралык баскычтарга активдүү даярдык көрүүдө.
Аларга ийгилик, жаркын жеңиш жана андан аркы кесипкөйлүк жетишкендиктерди каалайбыз!

