БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Олимпиадалык маселелерди БААУнун усулдук сабагында талдоо

17 февраля 2026

Мектеп мугалимдери үчүн уюштурулган кезектеги усулдук сабак олимпиадалык маселелерди талдоого арналды. Аны БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети уюштурду.

Белгилүү болгондой, жакынкы жекшембиде, 22-февралда мектеп окуучулары үчүн математика боюнча Олимпиада орун алат. Өткөн усулдук сабак былтыркы жылдагы математика боюнча Олимпиаданын маселелерин талдоого арналды. Аны “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин улук окутуучусу Елена Бурова өткөрдү.

Ар кандай татаалдыктагы маселелер талданды. Алардын кээ бирлери математикалык гана билимдерди гана эмес, ошондой эле логикалык ой жүгүртүүнү да талап кылат. Бир караганда татаал көрүнгөн маселелер көбүнчө оңой жол менен эле чечилет, эгер буга чейинки айтылган усулдарды пайдаланса. Ошентип, мугалимдерде окуучуларына Олимпиадага жакшылап даярданууга жардам берүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Олимпиадага даярдануу учурунда университеттин сайтында жеткиликтүү болгон маселелердин үлгүлөрүн пайдаланууга болот:

1-турдун маселелери жооптору менен https://auca.kg/uploads/Math/Contest/1%20тур%20-задачи-2024%20ответы.pdf  
9-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен  https://auca.kg/uploads/Math/Contest/2%20тур-2024%209%20класс%20ответы.pdf  
10-11-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен https://auca.kg/uploads/Math/Contest/2%20тур-2024%2011%20класс%20ответы.pdf  

Ошондой эле даярдануу үчүн 2021-жылы жарык көргөн “Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык олимпиадаларынын маселелер жыйнагын” пайдаланууга мүмкүн. Китептин электрондук версиясы төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://dspace.auca.kg/handle/123456789/2775.  

Сабакка “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиев жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетовалар катышты.

 

<< Назад к списку