БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда документалдык тасманын бет ачары: мөңгүлөр тууралуу изилдөөлөр

5 марта 2026

26-февралда Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Алатау: жоголуп бараткан мөңгүлөрдүн изи менен” документалдык тасмасынын бет ачары орун алды. Иш-чарага БААУнун студенттери жана профессорлорунан тышкары башка окуу жайлардын студенттери менен окуучулары, экологдор, активисттер, өкмөттүк эмес уюмдар менен Эл аралык экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, ата мекендик “жашыл” бизнес жана ММКлар, ошондой эле курчап турган айлана-чөйрөгө кайдигер карабаган жарандар катышты. Өзгөчө аймакта мөңгүлөрдүн эриши жана таза сууну сактоо көйгөйлөрүнө кайдигер карабагандар.

Тасманы Кыргызстан менен Казакстандан 2 журналист тартуулашты. Казакстандык Мадина Ашилова - идеянын автору жана тасманын режиссеру. Ата мекендик экожурналист Мунара Боромбаева идеянын авторлошу жана долбоордун редактору катары белгилүү. Тасманын өзү журналисттик иликтөө катары болуп, анда Кыргызстан жана Казакстандын экологдорунун көйгөйдү чечүү боюнча сунуштары камтылган.

Катышуучулар менен БААУнун президенти Тимоти О’Коннор жылуу учурашып, өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөрдүн эрүүсү бүгүнкү күндө коом тарабынан олуттуу көңүл бурууну талап кыларын белгиледи.

“БААУ үчүн университеттик коомчулук катары мындай демилгелер чоң мааниге ээ. Университеттик чөйрө биздин коом кабылган чакырыктар тууралуу аң-сезимдүү баарлашуу үчүн шарт түзөт. Экологиялык чакырыктар мамлекеттик чек араларды тааныбайт жана илим, жарандык коом жана мамлекеттик институттардын ортосунда аймактык кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана баарлашуу абдан маанилүү”,- деп билдирди БААУнун президенти.

Тасманы тартуулоонун уюштуруучусу БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана Green AUCA программасы болду. Тасмада окумуштуу-гляциологдордун пикири өзгөчө орунда турат. Алардын мөңгүлөрдү көп жылдык байкоолору менен изилдөөлөрү тасмага илимий тереңдик берип, болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн олуттуулугун баса белгиледи.

Тасма жандуу маектер, айылдар жана тоолуу аймактардагы реалдуу жашоонун кадрлары менен эсте калат. Көңүл чордонунда илимий маалыматтар гана эмес, ошондой эле адамдык окуялар да турат - кургакчылык, суу ташкындоо жана суунун жетишсиздиги коркунучуна кабылган үй-бүлөлөр. Тасманын авторлору климатикалык мигрант, фермерлер, экожурналист, Казакстандын мажилисинин депутатынан, экологдордон интервью алышкан. Эмгекте ошондой эле мөңгүлөрдүн эрүүсүн басаңдатууга багытталган заманбап “жашыл” технологиялар жөнүндө айтылат. Алар башка өлкөлөр менен катр бизде да пайда боло баштаган.

Тасма көрсөтүлгөндөн кийин ачык талкууга кезек берилди. Көрүүчүлөр таасирлери менен активдүү бөлүшүп, суроолорду узатып, комментарий берип жатышты. Кээ бирлер тасмага көбүрөөк статистикалык маалыматтар менен конкреттүү сандар жетишпей калганын айтышса, айрымдар толук ачылбай калган башка талаптарга көңүл бурду. Ар кандай ой-пикирлерге карабастан, талкуу жандуу жана мазмуундуу болуп, аудиториянын кызыгуусунун жогорку деңгээлин жана тасманын темасынын актуалдуулугун көрсөттү десек жаңылышпайбыз.
Баарлашуу учурунда катышуучулар экологиялык тематикага байланыштуу жалпы кызыкчылыктын тегерегинде биригишип, байланыштары менен алмашышты. Бул мындай иш-чаралар маалымат берип гана тим болбостон, жаңы кесипкөйлүк жана коомдук байланыштарды калыптандырарынан кабар берет. Өз кезегинде бул жаңы иш-чаралар менен долбоорлорду жаратуусу толук ыктымал.

Иш-чаранын соңунда тасманын жаратуучуларынын дарегине ыраазычылык кептери айтылды. Аткарылган иши, татаал темаларды көтөргөн эр жүрөктүүлүгү жана аймакта экологиялык журналистикага кошкон салымдары үчүн.

Бет ачар Борбор Азиянын мөңгүлөрүнүн келечеги тууралуу маданий иш-чара гана эмес, аң-сезимдүү баарлашуу жана пикир алмашуу үчүн аянтча да болду. Аймактын келечеги үчүн жоопкерчилик ар бирибиздин моюнубузда экенин тасма дагы бир ирет эске салды. Жада калса таштандыларды ылгоо, кайра иштетүүгө тапшыруу, таза сууну сарамжалдуу колдонуу сыяктуу жөнөкөй кадамдар курчап турган айлана-чөйрөнү сактоого салым болуп калуусу толук ыктымал.

 

 

 

<< Назад к списку