Геометрия модулдук оригами аркылуу
21 апреля 2026

Өткөн аптада мектептердин математика мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Ал оригами жана алтын кесикке арналды. Сабак БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети тарабынан уюштурулду.
Мектеп программасынын математика боюнча татаал темаларынын бири - бул стереометрия. Балдарга адатта мейкиндиктүү ой-жүгүртүүнү, фигуралардын көлөмүн эсептеп чыгууну жана бул илимдерди иш жүзүндө колдонууну үйрөтүү алда канча кыйынга турат. Мында байыркы япон оригами искусствосу жардам бере алат. Тактап айтканда модулдук оригами. Алдын-ала чогулган модулдардын жардамы менен жөнөкөй жана татаал геометриялык фигураларды жасоого мүмкүн.
Кагаз түрүндөгү үлгүлөр менен иштөө абстракттуу формулаларды кол жете турган объектилерге айландырып, окуучулардын геометрияны кол менен сезүүсүн камсыздайт. Модулдук оригами чакан моториканы, концентрацияны жана алгоритмдик ой жүгүртүүнү (процесс иш-аракеттердин иреттүүлүгүн талап кылат, анткени ар бир ийүүнүн тактыгы бардык түзүмдүн эстетикасы менен бекемдүүлүгүнө таасир этет) эффективдүү түрдө өнүктүрөт.
Мындай жол тутуу окуучуларда өзүн-өзү көзөмөлдөө жана майда деталдар бүтүн бир татаал системаны түзөрүн түшүнүү ыкмасын калыптандырат.
Алгач мугалимдер сакура гүлүн чогултуунун үстүндө иштешип, андан соң сакурадаманы (яп. 桜玉: «сакура» — алча, «тама» — шар) чогултушту. Аны алар оригами ааламында таанымал жана кооз иштердин бири болгон сакуранын гүлдөрүнөн чогултушту. Өзгөчө көңүл модулдарды даярдоого бурулду: стандарттык барактардын ордуна алтын кесиктин пропорциясында тик бурчтуктарды пайдаланышты. Гүлдөрдүн түзүмүндө ушул принципти кармануунун негизинде саукурадама максималдуу түрдө гормониялуу болуп, фигуранын табигый симметриясын жогорку деңгээлге жеткирди.
Сабактын катышуучулары мындай жол тутуулар окуу программасын ар тараптуу кылып, математиканы иликтөөнү окуучулар үчүн бир кыйла кызыктуу кыларын белгилешти.
Сабакты БААУнун улук окутуучусу Елена Бурова өткөрдү. Анын ишине ошондой эле “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиев жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова катышты.





