Акмат Бердибеков: “Тайманбас болуңуздар, бул дүйнөгө ачык болуп, өз дараметиңиздерди ачыңыздар”
11 сентября 2026

Акмат Бердибеков — Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн алтын сертификатынын ээси. Быйыл ал ЖРТда 236 упай топтоп, БААУнун Колдонмо математика жана информатика факультетине тапшырды. Биз Акматтан университетти тандоосу, кампустан алган алгачкы таасирлери жана алдыдагы төрт жылдан эмнелерди күтүп жаткандыгы тууралуу айтып берүүсүн сурандык.
— Өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз.
— Менин аты-жөнүм Акмат Бердибеков. Мен Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Быйыл ЖРТдан 236 упай топтоп, БААУнун Колдонмо математика жана информатика факультетине тапшырдым.
— Эмне үчүн дал ушул БААУну тандоону чечтиңиз?
— БААУну билим берүүнүн жогорку сапаты жана университет өз студенттерине тартуулаган кызыктуу студенттик турмушу үчүн тандадым. Бирок менин тандоома көбүнчө кампустагы өзгөчө атмосфера да таасирин тийгизди деп айта алам. Бул жерде студенттердин өнүгүүсүнө, баарлашуусуна жана өзүн ар кандай багыттарда сынап көрүүсүнө шарт түзүлгөн чөйрөнүн баары мага жагат.
— ЖРТнын алтын сертификаты университетти тандооңузга кандай таасир этти?
— ЖРТнын алтын сертификатын алып, анын жардамы менен гранттык негизде окууга мүмкүнчүлүк алганыма абдан кубанычтамын. БААУга тапшырууну ЖРТнын жыйынтыгын билгенге чейин эле чечкем, ошондуктан азыр бул жерде бюджеттик негизде окуй турганым мага өзгөчө жагымдуу.
— Эмне үчүн дал ушул Колдонмо математика жана информатика факультетин тандадыңыз?
— Колдонмо математика жана информатика факультетин тандаганымдын себеби — бул багыттын келечеги чоң деп эсептейм. Жалпысынан алганда, математикалык билим менен көптөгөн багыттарда карьера курууга болот.
Мага математика ар дайым сын көз карашта ой жүгүртүүгө жана логикалык жыйынтыктарга негизделген кооз дисциплина катары көрүнчү. Ошол эле учурда кээде чыгармачыл ой жүгүртүү да талап кылынат, ошондуктан мага дал ушул тармакта өнүгүү кызыктуу.
— Багыт алуу программаңыз кандай өтүп жатат? Эмне өзгөчө эсиңизде калды?
— Багыт алуу программа абдан көңүлдүү өтүүдө. Дээрлик күн сайын кампус жөнүндө жаңы нерселерди билип жатабыз, бизге БААУдагы бул жылдарды кантип болушунча кызыктуу жана пайдалуу өткөрүү керектигин айтып жатышат.
Бул жердеги атмосфера абдан достук маанайда. Ар бир адам жаңы кишилер менен таанышып, өзүнө дос таба алат, ошондуктан өзүңдү университет коомчулугунун бир бөлүгү катары сезе баштайсың.
— БААУдагы төрт жылдык окуудан эмнелерди күтөсүз?
— Төрт жылдан кийин өз багытым боюнча жогорку квалификациялуу адис болууну жана сонун адамдар менен таанышууну каалайм. Ошондой эле БААУ мага келечектеги идеяларымды, долбоорлорумду ишке ашырууга жана кийинчерээк жардам бере турган тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм.
— БААУга тапшырууну пландап жаткандарга кандай кеңеш же каалоо-тилек айткыңыз келет?
— Болочок студенттерге англис тилине көңүл бурууну, өздөрүнүн чыгармачыл жана сын көз-карашта ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнү кеңеш берет элем. Тайманбас болуңуздар, бул дүйнөгө ачык болуп, өз дараметиңиздерди ачыңыздар.