БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Супер Мээ” (“Super Brain”) усулунун негиздөөчүсү Эльнура Акысбекованын ачык лекциясы

22 октября 2026

Билим берүү жана технологиялар чөйрөсүндөгү эл аралык эксперт, ишкер, “Супер Мээ” (“Super Brain”) усулунун негиздөөчүсү Эльнура Акысбекова маалымат технологиялары, жасалма интеллект, билим берүү жана нейроилимдердин айкалышында эмгектенет. Ал адамдарга өздөрүнүн интеллектуалдык дараметин ачууга жардам берген заманбап билим берүүчүлүк чечимдерди жаратат.

Эльнура Эриковна дээрлик 20 жыл Бельгияда жашап эмгектенген. Анын ошол жактагы 10 жылы IT тармагында, анын ичинде Европанын мамлекеттик жана социалдык секторунда өткөн. Full-Stack иштеп чыгуулар (Full-Stack development) тажрыйбасына ээ. Эс тутумду өнүктүрүү жана натыйжалуу окутуу ыкмаларын Кытай, Япония, Индия, Россия жана Түркиядан үйрөнгөн.

Эльнура Эриковна “Супер Мээ” методикасын негиздеген. Анда салттуу эс тутум техникалары заманбап илим, санариптик куралдар жана жасалма интеллект менен айкалышкан. Ал чоңдор, балдар жана ишкерлер үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгат. Аларда эс тутум, концентрация, ылдам окутуу көндүмдөрү жана окууда, карьерада, бизнесте жасалма интеллектти ишенимдүү колдонуу жөндөмдөрү өнүктүрүлөт.
Бүгүнкү күндө Эльнура Эриковна 15 өлкөнү бириктирген эл аралык аянтчада Кыргызстандын атынан чыгып, билим берүү, технологиялар, ишкерлик жана аялдардын лидерлиги боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.

Бүгүн БААУда анын ачык лекциясы өтөт.

Өтүүчү жайы: БААУ, 410-аудитория
Убактысы: 17:00

<< Назад к списку