“Сактоо жана көбөйтүү: Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу акциясы
27 октября 2026

Өткөн ишемби күнү Кара-Жыгач токойчосунда салтка айланган бак отургузуу акциясы болуп өттү. Анын уюштуруучусу катары ар дайымкыдай эле БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору чыкты. Иш-чара “Жашыл ай” демилгесинин алкагында өттү.
Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу – жылына эки жолу (апрель жана октябрь айларында) өткөрүлүүчү салттуу иш-чара. Бул жолку акцияга 100дөн ашык ыктыярчы катышты. Алардын арасында БААУнун студенттери гана эмес, № 10, 16, 35, 46 жана 70 орто мектептеринин, ошондой эле кыздар үчүн түзүлгөн “Sansabil” жеке менчик мектебинин окуучулары да болду.
Мектеп окуучуларынын бул акцияга катышуусу жакшы салтка айланып баратат. Мындай иш-чаралар балдарга жаратылышка аяр мамиле жасоо жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү жүрүм-турумдун маанилүүлүгү тууралуу иш жүзүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Акцияга БААУнун академиялык маселелер боюнча вице-президенти Чынаркуль Рыскулова да кошулду. Журналисттер менен болгон маекте ал айлана-чөйрөгө кам көрүү сөз менен гана чектелбей, конкреттүү иштерде чагылдырылышы керектигин баса белгиледи. “Азыр экология жөнүндө, жашыл аймактарды сактап калуу, курчап турган айлана-чөйрөгө кам көрүү тууралуу өтө көп айтылып жатат. Менин оюмча, куру сөз айта бербей, келип жок дегенде бир дарак отургузуп, аны кароо керек. Өсүп жаткан бак-дарактарды да сактап калуу зарыл. Бул жөн эле идеология эмес, бул биздин жашообуз. Дарактар бар болсо – биз дем алабыз, жашообуз жакшырат. Баарыбыз жөн эле сүйлөбөй, иш кылышыбыз керек”,- деп белгиледи ал.
Бул жолу 103 дарак жана бадал отургузулду. Алардын катарында бузина, жасмин, акация, рябина, тюльпан дарагы, күмүш жийде, ликвидамбра, ийке, граб, чынар дарагы жана кызыл карагай бар.
Эскерте кетсек, “Кара-Жыгач токойчосу экопаркы” долбоору 2018-жылы Бишкек шаардык мэриясы, Борбор Азиядагы Америка университети жана Француз-кыргыз экотуризм ассоциациясы тарабынан түзүлгөн. Долбоордун максаты – сейил бактын экосистемасын калыбына келтирүү, аймагын көрктөндүрүү жана башаламан бак кыюуга бөгөт коюу.
Кара-Жыгач токойчосу – Бишкек аймагындагы эң эски сейил бак. Ал 1881-жылы окумуштуу-багбан, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Алексей Фетисов тарабынан негизделген. Арадан жүз жыл өтүп, 80-жылдардын аягына карата анын аянты 215 гектардан ашкан. Бирок кийинчерээк дарактарды мыйзамсыз кыюунун жана жерлерди өз алдынча ээлеп алуунун айынан аянты жарымынан көбүнө кыскарып кеткен.







