Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу акциясы тууралуу видеосюжет
29 октября 2026
100дөн ашык ыктыярчылар Кара-Жыгач токойчосунда күзгү бак отургузуу иш-чарасына катышты. БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан “Жашыл айдын” алкагында уюштурулган экологиялык акцияга университеттин студенттери жана Бишкек шаарынын мектеп окуучулары кошулушкан.
Бак отургузуу кандай өттү жана шаардын жашыл аймактарын эмне үчүн сактап калуу маанилүү? Муну “TV15 Кыргызстан” телеканалынын атайын сюжетинен көрүңүз!