БААУ Психология кафедрасы Борбордук Азияда биринчи жолу аутизм жана жүрүм-турумду колдонмолук талдоо (анализ) боюнча курстарды сунуштайт
БААУ Психология багыты боюнча окуган студенттердин жүрүм-турумду колдонмолук талдоону (Applied Behavior Analysis - ABA) же АБА-терапияны – жүрүм-турумду түзөөнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бирин үйрөнүү жана иш жүзүндө колдонуп көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул багыттагы ыкмалар жана принциптер өрчүүсү өзгөчө өткөн балдардын жүрүм-турумун модификациялоо, кадимки балдардын көйгөйлүү жүрүм-туруму менен иштөө үчүн колдонулат.