Жарандык катышуу борбору/ Жарандык Жигердүүлүк/ БААУ коомдук жана жарандык катышуу/ Кызматкерлердин жарандык катышуусу

Кызматкерлердин жарандык катышуусу

 

Бишкектин четинде

2021-жылдын апрель жана июнь айларында Мингойим Нишонова NGA студенттери менен биргеликте Бишкек шаарындагы таштанды төгүү жайында экологиялык долбоор уюштурган. Бул долбоордун максаты – кыска окуялар жана сүрөт искусствосу аркылуу Бишкек шаарындагы таштанды төгүү жайындагы экологиялык маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. Долбоорду ишке ашыруу учурунда төмөнкү иштер жүргүзүлгөн: таштанды төгүү жайында ыктыярчылар менен маалымат чогултуу, маалыматтарды талдоо жана окуяларды жаратуу.

Жыйынтыгында, экологиялык жана социалдык маселелерди камтыган 11 кыска окуя түзүлүп, Zoom платформасы аркылуу 3 онлайн көргөзмө өткөрүлгөн.

“Бишкектин четинде” долбоору БААУнун Президенттик Изилдөө жана Билим берүү Фонду (PREF) 2020-2021-жылдардагы каржылоосу менен колдоого алынган.


Долбоордун лидери жөнүндө: Мингойим Нишонова – Америкалык Борбордук Азия Университетинин (БААУ) NGA программасынын административдик ассистенти.