УСТАВ
МИССИЯСЫ: «БААУ бүтүрүүчүлөрүн бириктирип, Университет менен болгон байланышты бекемдөө, бүтүрүүчүлөрдүн, Альма-матердин жана коомдун жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү».
I-БЕРЕНЕ – АТАЛЫШЫ ЖАНА ЖАЙГАШКАН ЖЕРИ
Уюмдун аталышы – «Борбор Азиядагы Америка Университетинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы», мындан ары Ассоциация деп аталат. Анын негизги кеңсеси Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары, Адбымомунов көчөсү 205, Борбор Азиядагы Америка Университетинде жайгашкан. Электрондук почта: alumni@auca.kg, Фейсбук: https://www.facebook.com/auca.graduates, https://www.auca.kg/en/my_auca/, Инстаграм: @auca_graduates, Линкедин: www.linkedin.com/in/aucaalumni
II-БЕРЕНЕ – УЮМДУН СТАТУСУ
Ассоциация – бул Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык иш алып баруучу, ыктыярдуу, саясий эмес, коммерциялык эмес мүчөлүк уюм болуп саналат жана ал Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүн бириктирет.
III-БЕРЕНЕ – МАКСАТТАРЫ
- Бүтүрүүчүлөр үчүн өмүр бою билим алуу жана Университет менен байланышта болууну колдогон программалар менен кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана сунуштоо
- Университеттин студенттерине жана жакында эле бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө кесиптик өнүгүүдө көмөктөшүү
- Университеттин оң имиджин сактоо жана өркүндөтүү
- Университеттин кабыл алуу иш-чараларын илгерилетүү
- Жогоруда айтылган жана башка ушул сыяктуу коммерциялык эмес максаттарды каржылоо үчүн каражат чогултуу иш-чараларын жүргүзүү
- Бардык иш-чаралар студенттер менен бүтүрүүчүлөр арасында “кайтарым тартуу” маданиятын өнүктүрүүгө багытталган болушу керек.
IV-БЕРЕНЕ – МҮЧӨЛҮК
А бөлүм.
Мүчө болууга талаптар: БААУнун бардык бүтүрүүчүлөрү жана мурдагы студенттери Ассоциацияга кошулууга каалоосун билдиргенден кийин мүчө боло алышат.
Б бөлүм.
Мүчөлөрдүн укуктары
Добуш берүү жана кызмат ээлөө укугу – Бардык мүчөлөр Ассоциациянын жалпы жыйындарында жана почта аркылуу добуш берүүдө добуш берүүгө укуктуу жана кызмат орундарына шайлана алышат.
Университеттин ресурстарына жетүү – Бардык мүчөлөргө университеттин китепканасынын ресурстарына акысыз жетүү укугу берилет жана университеттин электрондук почта системасында электрондук почта дареги ыйгарылат.
Басылмалар жана билдирүүлөр – Бардык мүчөлөргө бүтүрүүчүлөргө арналган басылмалар жана жалпы жыйындар боюнча билдирүүлөр жөнөтүлөт.
Жылдык отчеттор – Бардык мүчөлөргө Ассоциациянын ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчет берилет.
Мүчөлүк топтому – Бардык мүчөлөр БААУ Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы тарабынан берилүүчү бардык укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болушат.
V-БЕРЕНЕ – БАШКАРУУ ТҮЗҮЛҮШҮ
Ассоциациянын башкаруусу, саясатын аныктоо жана мүлкүн көзөмөлдөө укугу Аткаруу кеңешине берилет. Кеңеш Президентти өз мүчөлөрүнүн арасынан макулдашуу жолу менен тандайт. Кеңештин бардык мүчөлөрү Ассоциациянын Кызматкерлери болуп эсептелет.
А бөлүм.
Кеңештин курамы
- Кеңеш Президенттен, мурдагы Президенттен, Казыначылардан, Бүтүрүүчүлөр боюнча координатордон жана Ассоциациянын үч комитетинин башчыларынан турат.
- Үч комитет төмөнкүлөрдөн турат: Каражат чогултуу комитети, Студенттер жана Университет менен байланыштар комитети, жана Бүтүрүүчүлөр менен байланыштар комитети.
- Кеңештин шайланган бардык мүчөлөрү бир жылдык мөөнөткө шайланат.
- Өз кызматын тапшырып жаткан Президент кийинки Президенттин кызмат мөөнөтү бүткөнгө чейин Кеңештеги ордун сактап калат.
- Шайланган Кеңеш мүчөлөрү кайрадан талапкерлигин коюп, шайланса, кийинки мөөнөттө да кызмат өтөй алышат.
Б бөлүм. Кворум жана бош кызматтар
- Аткаруу кеңешинин беш мүчөсү кворумду түзөт. Эгерде Кеңештин кайсы бир мүчөсү эскертүүсүз катары менен үч жыйынга катышпаса, ал Кеңеш мүчөлүгүнөн автоматтык түрдө четтетилет. Кеңештеги бош кызматтар калган мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен толтурулат жана мурдагы мүчөнүн калган мөөнөтүнө чейин кызмат өтөшөт.
VI-БЕРЕНЕ – АССОЦИАЦИЯНЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ
Ассоциациянын кызмат адамдарына Президент, Бүтүрүүчүлөр боюнча координатор, Казыначы жана Комитет башчылары кирет. Бардык кызмат адамдар Ассоциациянын толук укуктуу мүчөлөрү болушу керек жана күзүндө өткөрүлүүчү жыйында мүчөлөр тарабынан шайланышат. Кызмат адамдары эки удаа бир жылдык мөөнөттөн ашык кызмат өтөй алышпайт.
А бөлүм. Кызматкерлердин милдеттери
Президент
Президент Ассоциациянын башкы кызмат адамы жана Аткаруу кеңешинин төрагасы болуп саналат; Кеңештин жана Ассоциациянын бардык жыйындарын жетектейт; Ассоциациянын жалпы программасын иштеп чыгуу жана жайылтууну координациялайт; Ассоциациянын бардык келишимдерине жана милдеттенмелерине кол коёт. Президент Ассоциациянын ишмердүүлүгү боюнча мүчөлөргө жылдык отчет тапшырат. Мурдагы Президент катары, кийинки мөөнөттө Аткаруу кеңешинин мүчөсү болуп кызмат өтөйт.
Казыначы
Казыначы Аткаруу кеңешинин жетекчилиги астында Ассоциациянын каржысын жана бюджетин көзөмөлдөйт. Президент менен биргеликте Казыначы Ассоциациянын жыйындарында жазуу түрүндөгү отчетторду берет. Кеңештин башка мүчөлөрү менен биргеликте Казыначы жылдык бюджеттин долбоорун даярдоону көзөмөлдөйт жана ал күзгү жыйында мүчөлөргө сунушталат.
Бүтүрүүчүлөр боюнча координатор
Бүтүрүүчүлөр боюнча координатор бүтүрүүчүлөр менен байланыш иштерин жүргүзөт, Ассоциациянын жалпы ишмердүүлүгүн координациялайт; мүчөлөрдүн жана Кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзүү мыйзамдык жоопкерчилиги жүктөлөт.
Ассоциация комитеттеринин башчылары
Ар бир тийиштүү комитеттин башчысы өз комитетинин мүчөлөрүн жетектеп, БААУ коомчулугу үчүн ар тараптуу программалар менен жеңилдиктерди иштеп чыгууга жооптуу; БААУ бүтүрүүчүлөрүнүн жана досторунун ортосунда байланыш жана берилгендик рухун чыңдоого багытталган иштерди жүргүзөт.
VII-БЕРЕНЕ – ШАЙЛООЛОР ЖАНА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КӨРСӨТҮҮ
А бөлүм. Шайлоолор
- Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жыл сайын күзгү жыйында өткөрүлөт.
- Кызмат мөөнөтүн аяктап жаткан Кеңеш мүчөлөрү шайлоону өткөрөт. Алар бардык добуштарды ошол замат санап, жыйынтыгын жарыялайт.
- Көпчүлүк добуш алган талапкер шайланган деп эсептелет. Жаңы шайланган кызмат адамдары кызматка кийинки жылдын 1-январында киришет.
Б бөлүм. Талапкерлерди көрсөтүү
- Мурдагы Президент жыл сайын күзгү жыйында талапкерлерди чогултуп, көрсөтүүгө милдеттүү. Ар бир бош кызмат орду үчүн жок дегенде бир талапкер көрсөтүлүшү керек.
- Талапкерлерди Ассоциациянын мүчөлөрү көрсөтө алышат. Мындай көрсөтүүлөр Ассоциациянын кеминде беш мүчөсүнүн колдоосу менен берилүүгө тийиш жана жалпы күзгү жыйынга чейин жок дегенде алты жума мурда Мурдагы Президентке тапшырылышы керек.
- Мурдагы Президент көрсөтүлгөн талапкерлердин талапкерлер тизмесине кирүүгө макул экендигин жана шайланса кызмат өтөөгө даяр экендигин тактоого милдеттүү.
- Талапкерлер Аткаруу кеңешине шайлануу үчүн жок дегенде БААУ Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын 5 мүчөсүнүн колдоосу менен көрсөтүлүүгө тийиш.
VIII-БЕРЕНЕ – КОМИТЕТТЕР
- Аткаруу кеңеши туруктуу комитеттердин бардык ыйгарым укуктарын жана милдеттерин бекитет жана аныктайт.
- Президент атайын комитеттердин бардык ыйгарым укуктарын жана милдеттерин бекитет жана аныктайт.
- Бардык туруктуу комитеттердин мүчөлөрү Аткаруу кеңеши тарабынан тандалып жана бекитилет.
- Бардык атайын комитеттердин мүчөлөрү Президент тарабынан дайындалып, Аткаруу кеңеши тарабынан бекитилет.
- Мүчөлөр ушул жободо башкача көрсөтүлбөсө, дал ушундай тартип менен кызматтан четтетилиши мүмкүн. Ассоциациянын туруктуу комитеттери төмөнкүлөр: Бүтүрүүчүлөр менен байланыштар комитети, Студенттер жана Университет менен байланыштар комитети, Каражат чогултуу комитети.
IX-БЕРЕНЕ – АР ТҮРДҮҮ МАСЕЛЕЛЕР
А бөлүм.
Эрежелер жана тартиптер – Бул Уставда башкача белгиленбесе, акыркы редакциядагы Роберттин Жыйын эрежелери (Robert's Rules of Order) парламенттик тартип маселелеринде негизги колдонмо катары пайдаланылат.
Б бөлүм.
Туруктуу эрежелер – Уставга шайкеш туруктуу эрежелер Ассоциациянын милдеттерин натыйжалуу жана ыкчам аткаруу үчүн Аткаруу кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
В бөлүм.
Каржылык жыл – Ассоциациянын каржылык жылы Борбор Азиядагы Америка Университетинин каржылык жылы менен дал келет жана 1-августтан 31-июлга чейин созулат.
Г бөлүм.
Мүчөлөрдүн жыйындары
Жылдык жыйындар. Мүчөлөрдүн жылдык жыйыны ар жылы ноябрь айынын биринчи ишембисинде өткөрүлөт. Бул жыйынга чейин Аткаруу кеңеши жыйын өткөрүп, Ассоциациянын мүчөлөрүнө өз ишмердүүлүгү жана каржылык абалы боюнча жылдык отчет берүүгө даяр болушу керек.
Атайын жыйындар. Мүчөлөрдүн атайын жыйындары Аткаруу кеңешинин жыйындары менен бирдей тартипте чакырылат.
Укуктар. Ассоциациянын жөнөкөй мүчөлөрү жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен Кеңеш тарабынан кабыл алынган бардык чечимдерди жана Уставга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү бекитүү, четке кагуу же өзгөртүү укугуна ээ.
Билдирүү. Ассоциациянын жылдык жана атайын жыйындары бардык мүчөлөргө жок дегенде эки жума мурун маалымдалып, күн тартиби жарыяланууга тийиш.
X-БЕРЕНЕ – УСТАВГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
А бөлүм.
Билдирүү – Бул Уставка өзгөртүүлөрдү киргизүү Аткаруу кеңеши тарабынан каалаган кадимки жыйында сунушталып, Ассоциациянын жылдык же атайын жыйынында жалпы мүчөлөрдүн добушу менен кабыл алынат.
Б бөлүм.
Добуш берүү – Уставка өзгөртүү киргизүү үчүн жыйынга катышкан Ассоциация мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен аттары чакырылып добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
БИРИНЧИ ӨЗГӨРТҮҮ
Ассоциациянын ишмердүүлүгүн баштоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аны түзүү мезгилинде жаралган татаалдыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды эске алуу менен, ушул Уставда көрсөтүлгөн Ассоциациянын кызмат адамдарына, Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүнө, алардын шайланышына жана башка иш тартибине байланыштуу жоболор 2014-жылдын 6-августунда өткөрүлгөн Ассоциациянын Жалпы Жыйынынын күнүнөн баштап күчүнө кирет. Бул убакытка чейин тиешелүү жоболор жана тартиптер БААУнун Өнүгүү бөлүмүнүн колдоосу астында БААУнун Бүтүрүүчүлөр боюнча координатору жетектеген демилгечи топ тарабынан макулдашуу жолу менен аныкталат.
Өзгөртүүнүн датасы:
2014-жылдын 6-августу