БААУ/ СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ/ Арыз формаларын жүктөп алуу

Арыз формаларын жүктөп алуу

БААУга тапшыруу үчүн арызыңызды даярдоодо "Биринчи курс үчүн арыз формалары" жана "Биринчи курс үчүн талаптар жана кабыл алуу процесси" баракчаларын колдонмолор катары пайдаланыңыз.

 

Көрсөтмөлөр

БААУга кабыл алуу үчүн анкетаны жүктөп алуу жана басып чыгаруу

Каржылык колдоо алуу үчүн арыз формасын жүктөп алуу жана басып чыгаруу

 

Текшерүү тизмеси

Баштоо

Орто мектептин аттестатынын же кесиптик билим жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же эгерде талапкер учурда мектепте окуп жатса, мектептен акыркы класста окуп жаткандыгын тастыктаган маалымат (Эскертүү: БААУга кабыл алынгандан кийин, бүтүрүү жөнүндө оригинал күбөлүк же диплом кошумча баракчасы менен бирге Кабыл алуу офисине тапшырылышы керек)

Орто мектеп жана университет боюнча бардык расмий транскрипттердин / баа кагаздарынын көчүрмөлөрү (Эскертүү: Эгерде талапкерлер Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы билим берүү мекемелерин бүтүргөн болсо, алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик орто билим жөнүндө аттестатына (бакалавриат үчүн талапкерлер үчүн — 11 жылдык мектеп эквиваленти) же жогорку билим жөнүндө дипломго (магистратура үчүн талапкерлер үчүн) барабар билимге ээ экенин тастыктаган документти көрсөтүшү керек. Чет өлкөлүк билим берүү мекемеси тарабынан берилген документ жана анын нотариалдык түрдө бекитилген орусча котормосу (транскрипттер / баа кагаздары кошо) Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине тапшырылышы керек. Министрлик талапкердин билими жөнүндө деңгээл менен мазмунун тастыктаган күбөлүк берет. Бул күбөлүк ушул арыз формасы менен бирге университетке тапшырылышы керек).

Республикалык жана эл аралык предметтик олимпиадалар боюнча бардык дипломдордун көчүрмөсү (БАРДЫК КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ЖАНА КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ТАЛАПКЕРЛЕРИ ҮЧҮН)

Жалпы республикалык тесттин сертификатынын көчүрмөсү (ФАКАТ КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН)

Паспорттун маалымат барактарынын көчүрмөсү жана Кыргыз Республикасында жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын визасынын барагынын көчүрмөсү (Эл аралык студенттер Кыргызстанга келгенден кийин 2 күндүн ичинде Студенттик визалар жана каттоо боюнча координаторго кайрылып, виза көчүрмөсүн тапшырып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде каттоо үчүн тиешелүү документтерди толтурушу керек)

Түстүү сүрөт (3 х 4 см – ак фондо)

Кошумча

Расмий TOEFL сертификаты (кагаз түрүндө же интернет аркылуу) – БААУнун уюмдук коду 0419 аркылуу жөнөтүлүшү керек же IELTS расмий сертификаты – БАКАЛАВРИАТ ҮЧҮН БААУ УЮМДУК КОДУ 8306, МАГИСТРАТУРА ҮЧҮН КОДУ 8305 аркылуу жөнөтүлүшү керек (БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАСЫНЫН ТАЛАПКЕРЛЕРИ ҮЧҮН)

Стандартташтырылган тесттердин расмий жыйынтыктары:
SAT Reasoning Test (SAT I) – БААУ УЮМДУК КОДУ 5825 аркылуу жөнөтүү
же ACT plus Writing Test – БААУ УЮМДУК КОДУ 5479 (МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНЫН ТАЛАПКЕРЛЕРИ ҮЧҮН)

Стандартташтырылган тесттердин расмий жыйынтыктары:
GMAT – БААУ УЮМДУК КОДУ S2B-2G-87 аркылуу жөнөтүү
же GRE – БААУ УЮМДУК КОДУ 0419 аркылуу жөнөтүү
(Эскертүү: MBA программасы GRE же GMAT жыйынтыктарын кабыл алат; MACAS программасы болгону GRE жыйынтыгын кабыл алат)

Эссе:

БАКАЛАВРИАТ – Сиз Америка Борбор Азия Университетинин тандаган программасына эмне үчүн тапшырып жатканыңызды жана БААУда билим алуу сиздин максаттарыңызга кантип көмөктөшөрүн баяндап бериңиз; ошондой эле сизди эң шыктандырып турган нерсе тууралуу айтып, бул нерсе жашооңузга кандайдыр бир деңгээлде таасир берген-бербегенин түшүндүрүңүз. Эссе 700 сөздөн же 1 беттен ашпашы керек. Сиз Америка Борбор Азия Университетине эмне үчүн тапшырып жатканыңызды жана БААУдагы билим алуу сиздин кесиптик максаттарыңызга кантип салым кошорун түшүндүрүңүз. Эмне үчүн магистрдик даража алгыңыз келет? 5 жылдан кийинки кесиптик пландарыңыз кандай? Эссе 700 сөздөн же 1 беттен ашпашы керек.

МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНЫН ТАЛАПКЕРЛЕРИНЕН КОШУМЧА СУНУЛА ТУРГАН ДОКУМЕНТТЕР:

Бакалавр даражасынын же адистик дипломунун көчүрмөсү же учурда университетте окуп жаткан болсо, талапкер акыркы курста экенин тастыктаган окуу жайынан маалымкат
(Эскертүү: БААУга кабыл алынгандан кийин бакалавр даражасы / адистик диплому же бүтүргөндүгүн тастыктаган документтин оригиналы Кабыл алуу офисине тапшырылышы керек)
Англис тилинде жазылган жумуш тажрыйбасын камтыган резюме / өмүр баяны (Curriculum Vitae / Resume)

Америка Борбор Азия Университети бардык документтер тапшырылбаса да, арызды карап чыгып, акыркы чечим кабыл алуу укугун өзүнө калтырат.