БААУ/ Кошулуңуз

БИЗДИН МАКСАТ - $750,000 ЖЫЙНОО
Биргеликте афганстандык студенттердин билим алышына шарт түзө алабыз.

Афган студенттерге эң кыйын учурларда жардам керек болгондо, биз дайыма алардын жанында болдук. Сиз, БААУнун студенти катары, бул университеттен билим алуунун маанисин жакшы билесиз.

Акыркы жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери БААУ афган студенттери үчүн үмүт нуру болуп келген. 1999-жылдан бери БААУнун 500гө жакын афган бүтүрүүчүсү дүйнөнүн булуң-бурчунда лидер жана коомдук өзгөрүүлөрдү алып келген адис болуп өсүп чыгышты. 2021-жылы Кабул шаары талибдердин колуна өткөндө, БААУ 200гө жакын афган студентин кабыл алып, аларды эвакуациялоого жана билим жолун коопсуз чөйрөдө улантууга жардам берди. Учурда БААУда дээрлик 75 афган студент калып, билим алууну улантып жатышат. Бирок каржылоонун күтүүсүз токтотулушу алардын келечегин тобокелге салып койду. Азыр аларга мурдагыдан да көбүрөөк сиздин колдооңуз керек.

Сиздин колдооңуз азыр мурункудан да маанилүү

2025-жылдын июнь айында БААУ үчүн оор кабар келди: афган студенттердин толук окуу акысы жана жашоо чыгымдарын жаап келген АКШ өкмөтүнүн каржылоосу 2025-жылдын 1-июлунда күтүүсүз токтомокчу болду. Мындан тышкары, АКШ тарабынан киргизилген «саякатка тыюу» режими бардык афган жарандарына тиешелүү болгондуктан, көпчүлүк студенттер (жана жакында эле бүтүргөндөр) үчүн АКШга кетүү мүмкүнчүлүгү жабылды. Бул студенттердин арасында коопсуз үйүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү жок аялдар жана диний азчылыктардын өкүлдөрү бар — алар олуттуу коркунучка туш болуп турушат.

Биздин максаттар

$750,000

2025–2026 - окуу жылында окуусун уланта турган афган студенттерге колдоо көрсөтүү үчүн.

$240,000

2026–2027- окуу жылында калган афган студенттердин окуусун улантуусуна шарт түзүү үчүн.

Кантип жардам берсеңиз болот
АКШдагы AUCA Foundation аркылуу

*AUCAF уюму 501(c)(3) макамына ээ болгондуктан, кайрымдуулуктар салыктык жеңилдиктерге ээ.

Кыргыз сому менен банктык которуулар

*Kyrgyz Investment and Credit Bank

Эгерде сизде суроолор болсо же кошумча маалымат керек болсо, төмөнкү адамдарга кайрылыңыз:

Назира Бейшеналиева (Дубай)
nazira1@gmail.com
Джонатан Беккер (Нью-Йорк)
jbecker@bard.edu
Бермет Турсункулова (Бишкек)
tursunkulova_b@auca.kg