Миссия жана Максаттар
Чакыруу
Биз күн сайын татаалдашып бараткан дүйнөдө жашап жатабыз. Жаңы технологиялар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатат, бирок ошол эле учурда коомдо чоң өзгөрүүлөргө себеп болууда, биздин жашоо образыбызга, иштөө жана эс алуу таризибизге таасир этүүдө. Х. Рителдин терминологиясын колдонсок, биз жаңы муундагы “татаал” маселелерге туш болуудабыз - “туура эмес коюлган коомдук системанын көйгөйлөрү”. Жаңы чечимдер жана жаңы ыкмалар талап кылынууда, анткени азыр колдонуп жаткан ыкмалар мындан ары натыйжалуу эмес. Эйнштейн бул чакырууну мындайча түшүндүргөн: “Биз көйгөйлөрдү аларды жараткандагыдай эле ой жүгүртүү менен чече албайбыз”.
Миссиясы
«Сорос-Кыргызстан» Фонду жана Борбордук Азиядагы Америка университети Борбор Азияда коомдук өзгөрүүлөр жана социалдык адилеттүүлүк үчүн инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу максатында Коомдук Инновациялар Лабораториясын негиздешкен. Лаборатория БААУнун алдында жайгашып, изилдөө жана өнүктүрүү уюмдарын бириктирип, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, отчетторду жарыялоого, иш-чараларды уюштурууга, коомдук саясат боюнча сунуштарды берүүгө жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу сатыкка жарактуу чечимдерди жаратууга өбөлгө түзөт.
Негизги Принциптер
- Маселелерди түшүнүү жана чечимдерди иштеп чыгуу үчүн инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү
- Маалыматтарга таянган изилдөөлөрдү жүргүзүү; далилдерге негизделген сунуштарды берүү
- Институттарды жана тармактарды бириктирген кызматташтык долбоорлорун колдоо
- Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомдук иш-чараларда бөлүшүү жана ачыкка чыгаруу
- Чечимдерди сунуштоодо туруктуу бизнес-моделдерди түзүүгө кызыкдар болгон социалдык ишканалар менен кызматташуу
Коомдук Инновациялар Лабораториясы учурда виртуалдык мейкиндик болуп эсептелет. Максаты изилдөөчүлөрдү, өнөктөштөрдү жана иш-чараларды кабыл ала турган физикалык мейкиндикти түзүү, чыгармачыл ой жүгүртүүнү, синергияны жана күтүлбөгөн жагымдуу ачылыштарды өбөлгөлөө.