Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - OSUN: Максат, темалар жана өнөктөштөр

OSUN: Максат, темалар жана өнөктөштөр

.

OSUN`дун максаты кызматташууну калыптандырууда дүйнө жүзү боюнча өз өнөктөштөрүн колдоо. Бул өз кезегинде:

  • Калктын кемсинтилген тобуна жана азчылыктарга өзгөчө көңүл буруу менен алардын өсүп бараткан теңсиздиктин шартында жогорку билим берүүгө жетүүсүн кеңейтет
  • Студенттерди башка коомдор менен таанышуу жолу аркылуу эртеңки күндүн глобалдык көйгөйлөрүн чечүүгө даярдайт
  • Авторитардык режимдин кайра жаралуусунун шартында ачык коомдун негиздерин бекемдөө үчүн фактылардын негизинде сын көз-карашта ойлонуу, ачык интеллектуалдык изденүү жана изилдөөлөрдүн өнүгүүсүнө түрткү болот.
  • Изилдөөлөр тармагында глобалдык кызматташуу үчүн өбөлгө болуу менен интеллектуалдык мономаданият жана поляризациялоого каршы турат жана студенттерди маселелерге ар кандай көз-карашта кароого жана аргументтелген далилдерди келтирүүгө үйрөтөт
  • Өз коомдорунун өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн өз потенциалын жогорулатуу үчүн татаал шартта калган университеттердин иш-аракеттерине колдоо көргөзүү

 

OSUN`дун темалары

  • Демократиялык практика 

Ачык коом жана Демократия ачык коомдун принциптерин, прогрессин жана көйгөйлөрүн жана авторитардык режимдин кайра жаралуусунун шартында демократияларды изилдейт. OSUN программалары коомду эмне ачык кыларын, заманбап ааламда ачык коомдун начарлап кеткенин жана бүгүнкү күндүн чакырыктарынын алдында ачык коомду кантип алга жылдырууну изилдешет. 

  • Туруктуулук

Туруктуулук биздин доордун аныктоочу чакырыгы болуп саналат, анткени адамдык ишкерликтин амбициялары жашоо камсыздоонун планетардык системалары менен кагылышуу жолу боюнча барууну улантууда. OSUN уникалдуу комбинацияны сунуштайт: экологиялык, социалдык, экономикалык жана башкаруучулук аспектилерди иликтөө, катуу талаптагы илимий изилдөөлөр, чечимдерди кабыл алуу жана лидерлик маселелеринин туруктуулугуна басым жасоо, чечимдерге так багыт алуу жана чынында глобалдык перспективалар.

  • Теңсиздик

Заманбап ааламга теңсиздиктин көптөгөн түрлөрү мүнөздүү. OSUN программалары коомдордун ичинде жана алардын арасында теңсиздиктин себептерин жана кесепеттерин изилдейт. Аларды атай кетсек, киреше жана байлыктардагы улуттук жана глобалдык айырмачылыктар, жыныс, раса, этникалык таандыктуулук жана аргасыздан журт которуучулукка байланышкан теңсиздиктин социалдык жана саясий аспектилери. 

  • Адам укуктары  

Адам укуктарына бүт дүйнө жүзү боюнча коркунучтар туулуп келет. OSUN адам укуктарын коргоо жана алга жылдыруу үчүн дисциплиналар аралык теориялык билимдерди тереңдетип, эмпирикалык талдоо ыкмаларын бекемдеп келет. Программада адам укугу, саясат жана адам укуктары үчүн күрөштө эстетикалык, формалдык жана куратордук формаларга басым жасоо менен адвокацияны иликтөө өз-ара чиеленишкен.

  • Искусство жана ачык коом 

Искусство жана коом заманбап жашоону чагылдырат. Анын ичинде бөлөкчө ойлонуу, адамдык кыялдануунун айырмачылыктары жана куч-кубаты билинет. OSUN программалары ар кандай тармактарда маданияттар аралык иликтөө жана тааныштырууга түрткү болот: поэзиядан киного, сүрөттөн бийге чейин. Андан ары искусствону саясат жана коом менен байланыштырат. Анын ичинде өзүн көрсөтүү эркиндиги менен репрессивдик режимдерге каршы күрөшүүнү. Өнөктөштүктүн программалары, долбоорлору жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кенен маалымат алуу үчүн OSUN веб-сайтына баш багыңыз.


Өнөктөштөрү 

OSUN Борбордук-Европалык университет жана Бард-колледж тарабынан негизделген. Программаларын институционалдык өнөктөштөрү жана OSUN`дун негизги кайрымдуулук өнөктөшү болгон Ачык коом Фонддору менен биргеликте иштеп чыгат.

 

КОЛЛЕДЖДЕР ЖАНА УНИВЕРСИТЕТТЕР 

  • Аль-Кудс Университети/Аль-Кудс Бард искусство жана илимдер колледжи (Палестина) 
  • Бейруттагы Америка Университети (Ливан) 
  • Болгариядагы Америка Университети 
  • Борбордук Азиядагы Америка Университети (Кыргызстан)
  • Аризона мамлекеттик Университети (АКШ)
  • Ашези Университети (Гана)
  • Саймонс-Рок Бард-колледжи: The Early College (АКШ) 
  • Берлиндеги Бард-колледж (Германия)
  • Bard Early Colleges (АКШ)
  • Биркбек, Лондон Университети (Улуу Британия)  
  • Боккони Университети (Италия)  
  • БРАК Университети (Бангладеш)
  • Европалык гуманитардык университет (Литва) 
  • Европалык университеттик институт (Италия)
  • Эл аралык изилдөөлөрдүн жана өнүктүрүү тармагындагы изилдөөлөрдүн жогорку институту (Женева) 
  • Херти башкаруу мектеби (Германия)
  • Лондон экономика мектеби (Улуу Британия)
  • Сунь Ятсен атындагы улуттук университет  (Тайвань) 
  • Саясий изилдөөлөр жана мамлекеттик башкаруу улуттук университети (Румыния) 
  • Париждеги Sciences Po (Франция)
  • SOAS Лондон университети (Улуу Британия)
  • Таскиги университети (АКШ) 
  • Анд университети (Колумбия)
  • Витватерсранда университети (Түштүк Африка)

Изилдөө институттары жана билим берүү уюмдары  

  • Бард абак демилгеси (АКШ)
  • Блэк Маунтин колледжи (АКШ)
  • Эл аралык иштердеги этика боюнча Карнеги кеңеши (АКШ) 
  • Чатем-Хаус (Бириккен Падышачылык)
  • Билим берүү жана лидерликтин Гаитян программасы (Гаити) 
  • Жаңы экономикалык ойлонуу Институту (АКШ жана Улуу Британия) 
  • Философия жана социалдык теория институту, Белград университети (Сербия)
  • Institut für die Wissenschaften vom Menschen (Австрия)
  • Парами институту (Мьянма)
  • Пикер жетекчилеринин квалификация жогорулатуу борбору, Колумбия университети (АКШ) 
  • Глобалдык тарыхтын лабораториясы (АКШ) 
  • Рифт-Вэлли институту (Кения)
  • Таллуар түйүнү (АКШ)
  • Калифорния университети, Берклидеги адам укуктары боюнча борбор (АКШ)
  • Коннектикут университетинин адам укуктары институту (АКШ)

 * OSUN анын принциптери менен академиялык максаттарын тең бөлүшкөн башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп келет.

Күтүлгөн таасирлер 

Өз программалары жана кызматташуулар аркылуу OSUN өнөктөштөрү буларга умтулушат:

  • Глобалдык жогорку билим берүүнүн жаңы үлгүсүн курууга 
  • Глобалдык катышкан жарандардын жаңы муунун тарбиялоо
  • глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлөрдү бириктирүү 
  • ачык коомдор үчүн билимдерди алуу процессин кеңейтүү
  • Жетишерлик деңгээлде камтылбаган коомчулуктар үчүн жогорку билим алуунун жаңы жолдорун жаратуу
  • Качкындар үчүн университеттик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана кайра жандандыруу
  • студенттерге багытталган окутууну иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн мектептен тарта 12-класска чейин билим берүүнүн бардык циклинин жүрүшүндө мугалимдердин жана университеттердин окутуучуларынын кесипкөйлүк ыкмаларын жогорулатуу 

 

OSUN жөнүндө кенен маалыматтарды веб-сайттан табууга болот: https://opensocietyuniversitynetwork.org/  

<- OSUN боюнча башкы бетке кайтуу.

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028