Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Тыштан каржылоо

КАРЖЫЛООНУН АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК БУЛАКТАРЫ

www.fundmytravel.com <http://www.fundmytravel.com> x 9
“Fundmytravel” – бул интернет-платформада студенттер өздөрүнүн сапарлары үчүн акча каражат чогултуу кампаниясын баштоо үчүн, учуш жол киреси, мейманкана чыгымдары, каттоо төлөмдөрү, жана башка чыгымдарынын жалпы суммасын көрсөтө алышат.  Бул платформада бир жолу катталгандан кийин, бул жөнүндө Фейсбук, электрондук дарек, Твиттер жана башка көптөгөн социалдык тармактар аркылуу досторго, үй-бүлө мүчөлөрүнө билдире алышат. Эгер кампания ээсинин достору кеминде 10 АКШ долларын да кайыр кылып бере албаса да, алар бул маалыматты социалдык тармактарда бөлүшүү аркылуу деле жардамын көрсөтө алышат.

www.gofundme.com <http://www.gofundme.com> x 5

Бул ресурс жеке кишилер, топтор жана уюмдар үчүн акча чогултууга жардам берет. “GoFundMe” каалаган идея, иш-чара, долбоор үчүн акча чогултууга же досторуңуз, үй-бүлөңүз, тааныштарыңыздын салым кошуусуна мүмкүнчүлүк берет.

http://www.indiegogo.com/  x5
“Indiegogo” сайтында акча чогултуу кампаниясын баштоо абдан оңой. Элге эмне иш кылганыңыз, кишилер кантип жардам бере алары, акчасын салым кылганда кандай пайда көрөрү жөнүндө айтып бериңиз. Чогултулган акча каражаттарын 100% бойдон өзүңүзгө аласыз, акча чогултканга жардам бергенибиз үчүн бир да тыйын береселүү болбойсуз. Биздин топ сизге дайым жардам бергенге даяр..

http://www.projecttravel.com/ x 5
“Project Travel” студенттерге жана программа катышуучуларына окуу, стаж өтүү, ыктыярчылык, окутуу, “au pair” жана башка программаларга катышуу үчүн акча каражаттарын чогултууга жана демөөрчүлөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.

www.kickstarter.com <http://www.kickstarter.com/> x 4
Долбоор ээлери акча каражаты эмне үчүн пайдаланарын жана акыркы мөөнөттү белгилешет. Эгерде демөөрчүлөр долбоорду жактырышса, аны ишке ашыруу үчүн өз акчаларын каржылай алышат. Бул ресурста акча каражаттарын алуу үчүн көрсөтүлгөн сумма толук бойдон чогулуш керек. Мындай ыкма коркунучтуу көрүнүшү мүмкүн, бирок бул ресурс ой-пикирлерди жаратуу үчүн баштапкы түрткү болууда жана анын тегерегинде кишилердин бир арада топтолушуна абдан натыйжалуу түшүмдү берет. Бүгүнкү күнгө чейин, мыкты долбоорлордун 44% өз финансылык максатына жетишкен.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028