Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ тарыхы

БААУ ТАРЫХЫ

 

1991-жылы Борбордук Азиянын өлкөлөрү көз карандысыздыкка ээ болуп, аймак эркин рынок менен демократиянын тез өзгөрүп жаткан ааламына кадам таштады. Жаңы муун
ачык коомдун шартында экономикалык ресурстар, маалымат жана жеке эркиндикке кандай мамиле жасоо боюнча өз көз карашын тартуулады. Мындай өзгөрүүлөрдүн
толкуну билим берүү системасында жаңы идеялардын жаралышына негиз болду. Мына ушундай шартта 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (КМУУ)
алдында Кыргыз-америкалык факультети түзүлгөн.


Бир нече жылдардын аралыгында КАФ ушунчалык тез өнүккөндүктөн, ал КМУУнун алкагында чектелип, ага батпай баштаган. Анын көз карандысыз окуу жайына
айлануусуна мезгил келип жетти. 1997-жылы Кыргызстандын Президентинин Декретине ылайык, КАФ Кыргызстандагы Америкалык университети болуп кайра түзүлгөн. Жаңы
университетти башкаруу үчүн көз карандысыз интернационалдык Кам көрүүчүлөр кеңеши уюштурулган.


КАУ көп өтпөй эркиндик жана сын көз-карашта ойлонуу принциптерине таянган университет катары таанылып, Борбордук Азиядагы билим берүүгө жасалган жаңы ыкмалар 30 өлкөнүн жаш окумуштууларынын көңүлүн бура баштаган. 2002-жылы университеттин миссиясы жана келечекке болгон көз карашы эски рамкалардан чыга баштаганда Кам көрүүчүлөр кеңеши окуу жайдын аталышын Борбордук Азиядагы Амеркиалык университети деп өзгөртүү чечимин кабыл алган.


Калыптануу жолунда БААУ өзүн демократиялык баалуулуктарга, жеке эркиндикке жана новатордук рухка бекем экенин көрсөтө билип, ылдам өнүгүп жаткан аймактын билим
берүү системасында маанилүү ролду ойногон. Кыска убакыттын аралыгында университет Борбордук Азия чөлкөмүндө билим берүүнүн лидерлеринин бирине айланды. Эркин
гуманитардык илимдердин салттарында жана өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде түптөлгөн БААУ келечекке ишеним менен карайт.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028